# 302-статья. Белгиленбеген жерлерде соода кылуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам обращения лекарственных средств и медицинских изделий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111674)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2017 [Закон КР от 2 августа 2017 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам обращения лекарственных средств и медицинских изделий"](https://aqlex.ai/kg/doc/111674); 13.10.2009 [Закон КР от 13 октября 2009 года № 272 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203214); 10.03.2002 [Закон КР от 10 марта 2002 года № 33 "О внесении изменений и дополнения в Кодекс КР об административной ответственности "](https://aqlex.ai/kg/doc/985)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920483..920484>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-302>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-302.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 302-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-302

---

Белгиленбеген жерлерде жайма такталардан, автомашиналардан товарлардын жана продукциялардын бардык түрлөрү менен колмо-кол соода кылуу- товарларды конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден алты, кызмат адамдарына ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Күйүүчү-майлоочу материалдарды белгиленбеген жерлерде сатуу - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден үч, кызмат адамдарына - бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды белгиленбеген жерлерде сатуу - администрациялык укук бузуунун түздөн-түз предмети болуп саналган дары-дармек каражаттарын, медициналык буюмдарды конфискациялоо менен жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн алтымыш өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи, экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган ошол эле аракеттер жашы жетпеген тарабынан жасалганда, - ата-энелерине же аларды алмаштырган адамдарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жетимиш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2002-жылдын 10-мартындагы № 33, 2009-жылдын 13-октябрындагы № 272, 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [301-5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-301-5)  
Кийинки берене: [303-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-303)
