# 301-4-статья. Товарларды ЕАЭБке мүчө-мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына контролдук баалардын минималдык деңгээлинен төмөнкү баа боюнча импорттоо

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-301-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 301-4-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-301-4

---

Товарлардын ЕАЭБке мүчө-мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына контролдук баанын минималдык деңгээлинен төмөнкү баа боюнча импорттоо - жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган товарларды конфискациялоо менен же болбосо товарлардын наркын өндүрүп алуу менен, эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган товарларды конфискациялоо менен же болбосо бул товарлардын наркын өндүрүп алуу менен, эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган товарларды конфискациялоо менен же болбосо товарлардын наркын өндүрүп алуу менен, эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган товарларды конфискациялоо менен же болбосо бул товарлардын наркын өндүрүп алуу менен, эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракеттерди биринчи жолу жасаган адам Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте товарларды декларациялоо жана салык отчётун берүү менен, салыктык санкцияны жана туумду кошуп алганда эсептелген салыктарды ыктыярдуу төлөгөн учурда администрациялык жаза чарасынан бошотулат. (КР 2016-жылдын 26-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3013-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-3013)  
Кийинки берене: [301-5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-301-5)
