# 300-1-статья. Мурда колдонулган тиешелүү белгилерди (белги салууларды) жасалмалоо, кайрадан пайдалануу же Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына алып келүү, тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан товарларды тиешелүү белгилерди (белги салууларды) коюусуз сактоо жана сатуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-300-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 300-1-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-300-1

---

Мурда колдонулган тиешелүү белгилерди (белги салууларды) жасалмалоо, кайрадан пайдалануу, ага тете тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан товарларды тиешелүү белгилерди (белги салууларды) коюусуз сактоо жана сатуу - тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан тиешелүү белгилердин (белги салуулардын) жана (же) товарлардын санына жараша төмөнкүдөй администрациялык айып салууга алып келет: тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан жүзгө чейинки тиешелүү белгилерге (белги салууларга) жана (же) товарларга жарандарга - элүү, юридикалык жактарга - бир жарым миң эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө; тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан жүз жана андан көп тиешелүү белгилерге (белги салууларга) жана (же) товарларга жарандарга - жүз, юридикалык жактарга - үч миң эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө. Тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына тиешелүү белгилерди (белги салууларды) коюусуз алып келүү, - тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан тиешелүү белгилердин (белги салуулардын) жана (же) товарлардын санына жараша төмөнкүдөй администрациялык айып салууга алып келет: тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан жүзгө чейинки тиешелүү белгилерге (белги салууларга) жана (же) товарларга жарандарга - элүү, юридикалык жактарга - бир жарым миң эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө; тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан жүз жана андан көп тиешелүү белгилерге (белги салууларга) жана (же) товарларга жарандарга - жүз, юридикалык жактарга - үч миң эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө. (КР 2017-жылдын 29-июнундагы № 113 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [300-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-300)  
Кийинки берене: [301-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-301)
