# 288-статья. Керектөөчүлөрдү алдоо

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 апреля 2015 года № 80 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111122)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.04.2015 [Закон КР от 14 апреля 2015 года № 80 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111122); 13.01.2014 [Закон КР от 13 января 2014 года № 9 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205229); 10.02.2010 [Закон КР от 10 февраля 2010 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202917)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920434..920435>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-288>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-288.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 288-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-288

---

Менчигинин түрүнө карабастан, товарларды таңгактоону жана сатып өткөрүүнү жүзөгө ашыруучу же калкка кызмат көрсөтүүчү ишканаларда, уюмдарда, ага тете соода (кызмат көрсөтүү) чөйрөсүндө ишкердик кылган жарандар тарабынан ченөөдө, таразалоодо, эсептөөдө алдоо, таңгактагы фасовкаланган товарлардын кандай гана түрлөрү болбосун санын азайтуу, товардын керек-жарактык касиети, сапаты жана коопсуздугу жагында адаштыруу же керектөөчүлөрдү башкача алдоо анча чоң эмес өлчөмдө жасалса, - жарандарга - бештен он бешке чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - жарандарга - ондон жыйырмага чейин эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жүздөн жүз элүүгө чейин эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - үч жүздөн беш жүзгө чейин эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү. Эгерде керектөөчүлөргө келтирилген зыян эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон бир бөлүгүнөн ашпаса, ушул статьяда каралган аракеттер чакан өлчөмдө жасалды деп таанылат. (КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 27, 2014-жылдын 13-январындагы № 9, 2015-жылдын 14-апрелиндеги № 80 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [287-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-287)  
Кийинки берене: [289-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-289)
