# 28-статья. Негизги жана кошумча администрациялык жаза-чара

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2015 года № 200 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111244)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2015 [Закон КР от 28 июля 2015 года № 200 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111244); 10.01.2013 [Закон КР от 10 января 2013 года № 2 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203809); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 142 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203742); 16.12.2011 [Закон КР от 16 декабря 2011 года № 240 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203504); 05.08.2003 [Закон КР от 5 августа 2003 года № 191 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/1317)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920444..920447>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 28-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-28

---

1. Эскертүү, айып акы жана администрациялык камоо негизги администрациялык жаза-чара түрүндө белгилениши жана колдонулушу мүмкүн.

2. Жарандарды атайын укугунан ажыратуу, ишкердиктин белгилүү бир түрлөрүн жүргүзүүгө лицензиялардан (уруксаттардан) ажыратуу, ишмердиктин белгилүү түрүн токтото туруу, юридикалык жакты жоюу, объектти анын алгачкы калыбына келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо), кызмат адамын кызматынан бошотуу, чет өлкөлүк жарандардын болуу мөөнөтүн кыскартуу, ошондой эле чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды коомдук иштерге тартуу, Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарып жиберүү негизги жана кошумча администрациялык жаза-чара түрүндө белгилениши жана колдонулушу мүмкүн.

3. Администрациялык укук бузууну жасоонун куралы же анын түздөн-түз объектиси болуп саналган буюмдарды конфискациялоо, Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн текшерүү кошумча администрациялык жаза катары гана белгиленет жана колдонулат.

4. Бир администрациялык укук бузуу үчүн ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн колдонулуучу статьясынын санкциясында көрсөтүлгөндөрдүн ичинен негизги же болбосо негизги жана кошумча администрациялык жаза-чара колдонулушу мүмкүн.

(КР 2003-жылдын 5-августундагы № 191, 2011-жылдын 16-декабрындагы № 240, 2012-жылдын 25-июлундагы № 142, 2013-жылдын 10-январындагы № 2, 2015-жылдын 28-июлундагы № 200 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-29)
