# 259-статья. Суу транспортунда кыймыл коопсуздугунун эрежелерин бузуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-259>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-259.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 259-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-259

---

Кемелердин портко кирүү жана порттон чыгуу, кемелердин порттун суусундагы кыймылынын жана токтоп туруусунун эрежелерин, ошондой эле кемеге түшүрүүдө, жолдо келе жатканда жана аларды кемеден түшүрүүдө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу эрежелерин бузуу- кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Порт сууларында суу түбүнө түшүү жумуштарын тийиштүү уруксатсыз жүргүзүү, бул иштердин убагында белги берүү эрежелерин сактабоо - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Белги берүү жана байланыш курулуштарына жана түзүлүштөрүнө зыян келтирүү - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн эки, кызмат адамдарына - экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [258-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-258)  
Кийинки берене: [260-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-260)
