# 252-статья. Учуунун коопсуздук эрежелерин бузуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 марта 2007 года №32 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/202066)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920330..920333>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-252>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-252.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 252-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-252

---

Аэродромдорду таанып-билүү үчүн кабыл алынган маркалык белгилерге жана түзүлүштөргө окшош кандайдыр-бир белгилерди жана түзүлүштөрдү аэродром аймагына жайгаштыруу же аэропорттун, аэродромдун администрациясынын уруксатысыз пиротехникалык буюмзаттарды күйгүзүү же аба кемелеринин учуулары үчүн коркунучтуу келген канаттуулардын массалык топтолушуна көмөк берүүчү объекттерди куруу - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн эки өлчөмүндө, кызмат адамдарына беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Имараттарда жана курулуштарда түнкү жана күндүзгү маркалык белгилерди же түзүлүштөрдү жайгаштыруу тууралу эрежелерди аткарбоо - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Аэродромдук жабдууларга, аэродромдук белгилерге, аба кемелерине жана алардын жабдууларына зыян келтирүү - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Авиациялык коопсуздукту камсыздоо максаттарында аэропорттордо белгиленген өткөрүүчү же объекттик ички тартипти бузуу - эсептешүү көрсөткүчүнүн үч өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2007-жылдын 5-мартындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [251-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-251)  
Кийинки берене: [2521-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-2521)
