# 2491-статья. Автобейбаштык

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-2491>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 2491-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-2491

---

Автобейбаштык, башкача айтканда, автотранспорт каражатынын айдоочусунун же транспорт каражатында болгон адамдардын коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын көз көрүнө бузган, коомго карата даана сыйлабастыкты билдирген, Жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын пайдалануунун эрежелерин бузуу менен коштолгон (автожарыш, белгиленбеген жерлерде ар каңдай түрдөгү көрсөтмө жүрүүлөр жана у.с.) атайылаган аракети, ошондой эле бештен ашык транспорт каражатынын үйлөнүү үлпөт колоннасындагы транспорт каражатынын кыймылы - эсептешүү көрсөткүчтүн отуздан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү. Өкмөттүк кортеждин жана делегациянын курамында; жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын автомашинасынын коштоосундагы колоннада; сөөк коюу процессинде; жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты бар колоннада бештен ашык транспорт каражаттарынын колоннада жүрүүсүнө уруксат берилет. (КР 2015-жылдын 16-февралындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык) КР 2015-жылдын 16-февралындагы № 33 Мыйзамына ылайык ушул Кодекстин 249-1-статьясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Жол кыймылынын эрежелерине тиешелүү толуктоолор киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

---

Мурунку берене: [249-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-249)  
Кийинки берене: [250-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-250)
