# 2441-статья. Коркунучтуу жүктөрдү же жүргүнчүлөрдү ташуучулардын жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча талаптарды сактабагандык

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-2441>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 2441-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-2441

---

Коркунучтуу жүктөрдү же жүргүнчүлөрдү ташуучулардын жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полиси жанында болбогон адамдын транспорт каражатын айдоосу, - эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү. Коркунучтуу жүктөрдү ташуучу деп коркунучтуу жүктөрдү ташыган жана бул үчүн транспорт каражатын пайдаланган жеке же юридикалык жак түшүнүлөт. Жүргүнчүлөрдү ташуучу деп менчик укугунда же башка мыйзамдуу негиздерде автомобилдик транспорт каражатка ээ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, акы үчүн же жалдоо боюнча жүргүнчүлөрдү жана алардын мүлкүн ташууга укугу бар жеке же юридикалык жак түшүнүлөт. Жүргүнчү деп анын атынан же анын өзү түзгөн ташуу келишимин аткаруу үчүн ташуучу акыга ташыган жеке жак түшүнүлөт. (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [244-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-244)  
Кийинки берене: [245-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-245)
