# 242-статья. Транспорт каражаттарын айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузуп, транспорт каражаттарын же дагы башка мүлктү материалдык зыянга учуратып, ошондой эле жабырлануучунун ден соолугуна жеңил залал келтириши

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июля 2014 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205331)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.07.2014 [Закон КР от 3 июля 2014 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205331); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 142 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203742); 04.08.2008 [Закон КР от 4 августа 2008 года № 185 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/202399); 05.03.2007 [Закон КР от 5 марта 2007 года №32 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/202066); 05.08.2005 [Закон КР от 5 августа 2005 года №121 "О внесении изменений и дополнения в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/1719); 28.06.2003 [Закон КР от 28 июня 2003 года № 121 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/1248)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920419..920420>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-242>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-242.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 242-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-242

---

Транспорт каражаттарын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежесин бузуп, транспорт каражаттарын же дагы башка мүлктү материалдык зыянга учуратуусу, - эсептешүү көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эгерде укук бузуучунун аракеттеринде жазык жагынан жазалануучу жосундун белгиси болбосо, Жол кыймылынын эрежелерин транспорт каражатынын айдоочусунун бузуусунан жабырлануучунун ден соолугуна залал келтирилиши - эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салынышына же кийин жабырлануучунун ден соолугун калыбына келтирүүгө кеткен материалдык чыгымдарынын ордун толтуруу менен эки жылга транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратылышына алып келет. Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер жашы жетпегендер тарабынан жасалганда, - жыйырма саатка коомдук иштерге тартууга алып келет. Транспорт каражаттарын башкарууга укугу жок адам тарабынан жасалган, ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган иш аракеттер, - эсептешүү көрсөткүчтүн жүз жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга же болбосо беш суткага администрациялык камакка алууга алып келет. (КР 2003-жылдын 28-июнундагы № 121, 2005-жылдын 5-августундагы № 121, 2007-жылдын 5-мартындагы № 32, 2008-жылдын 4-августундагы № 185, 2012-жылдын 25-июлундагы № 142, 2014-жылдын 3-июлундагы № 110 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [241-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-241)  
Кийинки берене: [243-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-243)
