# 235-статья. Транспорт каражатын айдоочусунун жол белгилерин, жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү чек белгинин талаптарын сактабагандыгы, озуп өтүүнүн жана маневр жасоонун, транспорт каражаттарын жолдун машина жүрө турган бөлүгүнө жайгаштыруунун, адамдарды ташуунун эрежелерин бузушу, ошондой эле Жол кыймылынын эрежелеринин башка одоно бузулуулары

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 апреля 2016 года № 39 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111318)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.04.2016 [Закон КР от 8 апреля 2016 года № 39 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111318); 03.07.2014 [Закон КР от 3 июля 2014 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205331); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 142 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203742); 04.08.2008 [Закон КР от 4 августа 2008 года № 185 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/202399)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920450..920451>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-235>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-235.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 235-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-235

---

Транспорт каражатынын айдоочусу тарабынан жол белгилерин же жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү чек белгинин талаптарын сактабагандык, озуп өтүүнүн жана маневр жасоонун, транспорт каражаттарын жолдун машина жүрө турган бөлүгүнө жайгаштыруунун эрежелерин, жолдордун кесилишинен өтүү, жөө киши өтүүчү жерден өтүү, жолдун четинде, тротуарларда, жөө жүргүнчүлөргө арналган жолдордо жана башка газондордо жүрүүнүн эрежелерин бузушу (ушул Кодекстин 20-главасында каралган учурларды кошпогондо) - эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Тыгылыш болуп калган учурда жолдун кесилишине чыгуу же жолдордун жана көчөлөрдүн өтө турган бөлүгүн кесип өтүү, ал айдоочуну токтотууга аргасыз кылышы, туурасынан кетүүчү багытта транспорттук каражаттардын кыймылына тоскоолдук түзүшү, - эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Айдоочунун транспорт каражатын токтотуу жана токтотмо жай талаптарын сактабоосу (ушул статьяда каралган учурларды кошпогондо) - эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Белгиленген талаптарды бузуу менен кыймылдын каршы тилкесине транспорт каражатынын чыгышы - эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Транспорттук каражаттын айдоочунун адамдарды ташуу боюнча белгиленген талаптарды бузушу - эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү. Жол кыймылына тоскоолдук түзгөнү, токтотуу жана (же) автоктотмо жай (парковка) эрежелерин бузганы үчүн, ошондой эле транспорт каражаты жол-транспорттук кырсыкка катышкан учурда, айдоочусу (ээси) болбосо да транспорт каражатын атайын автотоктотмо жайга жеткирүү менен аны мажбурлап эвакуациялоого жол берилет. Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктүн блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (КР 2008-жылдын 4-августундагы № 185, 2012-жылдын 25-июлундагы № 142, 2014-жылдын 3-июлундагы № 110, 2016-жылдын 8-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2343-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-2343)  
Кийинки берене: [236-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-236)
