# 234-статья. Транспорт каражатын токтотуу жөнүндө ички иштер органынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын транспорт каражатынын айдоочусунун аткарбоосу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июля 2014 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205331)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.07.2014 [Закон КР от 3 июля 2014 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205331); 03.02.2014 [Закон КР от 3 февраля 2014 года № 25 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205247); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 142 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203742)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920419..920420>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-234>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-234.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 234-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-234

---

Транспорт каражатын токтотуу жөнүндө ички иштер органынын жана автомобиль жана суу транспортунун ишин жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын транспорт каражатынын айдоочусунун аткарбоосу - эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жашы жетпегендер тарабынан жасалганда, - эскертүү берүүгө же жыйырма саатка коомдук иштерге тартууга алып келет. Эскертүү. Ички иштер органынын форма кийимин кийген кызматкеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талабы таякча менен же үн күчөткүч түзүлүштүн жардамы аркылуу сигнал берүү жолу менен билдирилет, мында бир эле учурда ышкырык менен берилиши мүмкүн. Сигнал айдоочуга түшүнүктүү болууга жана өз убагында берилүүгө тийиш, анткени аларды аткаруу авариялык кырдаалды түзбөшү керек. (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 142, 2014-жылдын 3-февралындагы № 25, 2014-жылдын 3-июлундагы № 110 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [233-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-233)  
Кийинки берене: [2341-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-2341)
