# 230-статья. Адамдарды ташуунун эрежелерин бузуу жана жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун жүрүшүнө тыюу салынган автожолдорунда айдоочулардын жүргүнчүлөрдү автобус же микроавтобус менен ташуусу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июля 2014 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205331)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.07.2014 [Закон КР от 3 июля 2014 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205331); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 142 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203742); 04.08.2008 [Закон КР от 4 августа 2008 года № 185 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/202399)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920419..920420>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-230>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-230.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 230-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-230

---

Каттам алдында техникалык жана медициналык кароодон өтпөгөн автобустарды жана микроавтобустарды айдоо, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууну жүргүзүүдө завод-даярдоочу тарабынан каралган же транспорт каражаттарын каттоо жөнүндөгү күбөлүктөгү отуруучу орундардын көрсөтүлгөн санынан ашыкча жүргүнчүлөрдү салуу, ошого тете эле тиешелүү органдар менен макулдашылган каттоо маршрутунун схемасы жок бул транспорт каражаттарын эксплуатациялоо, - айдоочуларга эсептешүү көрсөткүчтүн отуз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Каттам алдында техникалык жана медициналык кароодон өтпөгөн айдоочуларга жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат берүү, ошондой эле тиешелүү органдар менен макулдашылган каттоо маршрутунун схемасы жок жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт каражаттарын эксплуатациялоо, - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчтүн элүү, юридикалык жактарга - эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Автобустар менен микроавтобустардын айдоочулары жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун жүрүшүнө тыюу салынган автожолдорунда жүргүнчүлөрдү ташыса, - айдоочуларга эсептешүү көрсөткүчтүн отуз өлчөмүндө администрациялык айып салынат же бир жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратылышына алып келет. (КР 2008-жылдын 4-августундагы № 185, 2012-жылдын 25-июлундагы № 142, 2014-жылдын 3-июлундагы № 110 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [229-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-229-1)  
Кийинки берене: [231-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-231)
