# 23-статья. Юридикалык жактардын администрациялык жоопкерчилиги

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2015 года № 211 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111255)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.08.2015 [Закон КР от 3 августа 2015 года № 211 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111255); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 142 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203742); 30.03.2009 [Закон КР от 30 марта 2009 года № 117 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203133)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920447..920448>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 23-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-23

---

Юридикалык жактар ушул Кодексте түздөн-түз каралган учурларда администрациялык укук бузуу үчүн администрациялык жоопкерчилик тартат. Эгерде бул Кодекстин 20-главасында ушул глава менен белгиленген ченемдер жеке же юридикалык жакка гана карата колдонула тургандыгы каралбаса, мааниси боюнча бул ченемдер жеке жакка гана же юридикалык жакка гана таандык жана колдонулушу мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, бул ченемдер жеке, ошондой эле юридикалык жакка карата бирдей өлчөмдө күчүндө болот. Эскертүү: Өзүнүн менчиги, чарба жүргүзүүсү же өзгөчөлөнгөн мүлктүк оперативдүү башкаруусу болгон, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды жана милдеттерди алууга жана жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүгү бар, сотто доогер же жоопкер болуп өтө ала турган уюм ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жак юридикалык жак юридикалык жак болуп саналат. Ишкердик иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу менен байланышкан укук бузууларды жасаган жеке ишкерлер юридикалык жак катары администрациялык жоопкерчилик тартат. (КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 117, 2012-жылдын 25-июлундагы № 142, 2015-жылдын 3-августундагы № 211 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-24)
