# 224-статья. Айдоочунун белгиленген тартипте катталбаган, аны пайдаланууга тыюу салгандан кийин, мамлекеттик каттоо номерлик белгиси жок, стандарттуу эмес, окулбаган, башка буюмдар менен атайылап жашырылган же жасалма мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги белгиленген жерде көзөнөгү же башкача бузулушу бар мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен транспорт каражатын айдоосу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июля 2014 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205331)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.07.2014 [Закон КР от 3 июля 2014 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205331); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 142 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203742); 24.02.2009 [Закон КР от 24 февраля 2009 года № 65 "О внесении изменения и дополнения в Кодекс об административной ответственности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203114); 04.08.2008 [Закон КР от 4 августа 2008 года № 185 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/202399); 05.03.2007 [Закон КР от 5 марта 2007 года №32 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/202066); 13.02.2006 [Закон КР от 13 февраля 2006 года №52 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/1840); 25.02.2005 [Закон КР от 25 февраля 2005 года №39 "О внесении дополнений и изменения в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/1635); 28.06.2003 [Закон КР от 28 июня 2003 года № 121 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/1248)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920419..920420>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-224>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-224.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 224-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-224

---

Белгиленген тартипте катталбаган транспорт каражатын башкаруу, - эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Айдоочунун жүк ташуучу автомобилдердин, чиркегичтердин (жеңил автомобилдердин жана мотоциклдердин чиркегичтеринен тышкары) жана автобустардын (өзгөчө чакандарынан тышкары) арткы боорунда кайталаган мамлекеттик каттоо номерлик белгиси жок транспорт каражатын айдоосу - эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Айдоочунун мамлекеттик каттоо номерлик белгиси жок, стандарттуу эмес, окулбаган же башка буюмдар менен атайылап жашырылган транспорттук каражатты айдоосу - эсептешүү көрсөткүчтүн отуз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Айдоочунун жасалма мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен транспорт каражатын айдоосу - эсептешүү көрсөткүчтүн жасалма мамлекеттик каттоо номердик белгисин алып коюу менен эсептешүү көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Айдоочунун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги белгиленген жерде көзөнөгү же башкача бузулушу бар мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен транспорт каражатын айдоосу - эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү. Техникалык нормалдаштыруу жана стандартташтыруу жаатында ченемдик укуктук актылардын милдеттүү талаптарына ылайык келбегенде мамлекеттик каттоо номерлик белгиси стандарттуу эмес деп, ал эми эгерде 20 метрден ашык аралыкта алдыңкы же арткы мамлекеттик каттоо номерлик белгисинин бир жана андан ашык тамгаларын же сандарын окуу камсыз кылынбаса, - окулбайт деп таанылат. (КР 2003-жылдын 28-июнундагы № 121, 2005-жылдын 25-февралындагы № 39, 2006-жылдын 13-февралындагы № 52, 2007-жылдын 5-мартындагы № 32, 2008-жылдын 4-августундагы № 185, 2009-жылдын 24-февралындагы № 65, 2012-жылдын 25-июлундагы № 142, 2014-жылдын 3-июлундагы № 110 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [223-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-223)  
Кийинки берене: [2241-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-2241)
