# 222-статья. Жүргүнчүлөрдүн акы төлөбөй жүрүшү, жүктү жана кол жүктөрүн акы төлөбөй алып өтүү

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-222>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-222.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 222-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-222

---

Жүргүнчүлөрдүн акы төлөбөй жүрүшү, жүктү жана кол жүктөрүн акы төлөбөй алып өтүү: жергиликтүү катнаштагы поезддерде - эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,5 өлчөмүнө чейин; алыска каттоочу поезддерде - эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүнө чейин; жергиликтүү катнаштагы аба кемелеринде - эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүнө чейин; эл аралык аба кемелеринде - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки өлчөмүнө чейин; суу катнашынын кемелеринде - эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,5тен бир өлчөмүнө чейин; шаардык жана шаар тегерегине каттоочу жүргүнчүлөр транспортунда, - эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүнө чейин; шаар аралык катнаштын жүргүнчүлөр транспортунда - эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүнө чейин; эл аралык катнаштын жүргүнчүлөр транспортунда - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Акы төлөбөй жүрүү, жүк жана кол жүктөрүн алып өтүү үчүн айып төлөө жүргүнчүнү өзү жүргөндүгү жана аларды алып өткөндүгү үчүн акы төлөөдөн бошотпойт.

---

Мурунку берене: [221-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-221)  
Кийинки берене: [223-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-223)
