# 220-статья. Темир жол транспортунда кыймыл коопсуздугунун эрежелерин бузуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 января 2013 года № 2 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203809)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.01.2013 [Закон КР от 10 января 2013 года № 2 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203809); 05.03.2007 [Закон КР от 5 марта 2007 года №32 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/202066)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920395..920396>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-220>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-220.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 220-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-220

---

Поезддердин кыймылынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон буюм-заттарды темир жолго коюу - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Поездди өз алдынча, зарылчылыгы жок токтотуу - сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Темир жолдон араба менен өтүү, мал айдап өтүү, темир жолдордун жанында мал жоюу эрежелерин бузуу - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бир, кызмат адамдарына - беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Темир жолго, коргоочу токой тилкелерине, кар тоскучтарга жана башка жол объектилерине, курулуштарына жана белги берүүчү жана байланыш жасалгаларына зыян келтирүү - сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө, кызмат адамдарына он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Жүк жүктөөдө жана түшүрүүдө белгиленген өлчөмдөрдү сактабоо - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Темир жолдун өтпөй турган жеринен өтүү - эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,5 өлчөмүндө администрациялык айып акы салууга алып келет. (КР 2007-жылдын 5-мартындагы № 32, 2013-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [219-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-219)  
Кийинки берене: [221-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-221)
