# 218-статья. Жерди пайдалануучулардын автомобиль жолдорун, көчөлөрдү жана жол курулмаларын сактоо эрежелерин бузуусу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2012 года № 142 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203742)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 142 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203742); 28.06.2003 [Закон КР от 28 июня 2003 года № 121 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/1248)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920381..920388>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-218>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-218.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 218-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-218

---

Жерди пайдалануучуларга бекитилип берилген участкалардагы автомобиль жолдоруна бөлүнгөн тилкелерге, көчөлөргө жакын жайгашкан жерлердеги жөө адамдар жүрүүчү жолдорду жана өтүүчү чакан көпүрөлөрдү оң абалында кармап туруу, ремонттоо жана үзгүлтүксүз тазалап туруу, электр жарыгын берүүчү линиялардын жана башка жол курулмаларынын бузулбай иштешине көмөк көрсөтүү боюнча милдеттер, ошондой эле бекитилип берилген участкаларды же чоң жолго кошулуучу автомобиль жолдорун, асма көпүрөлөрдү кошо алганда, көчөлөргө кирүүчү жолдорду техникалык жактан оң абалда жана таза кармоо боюнча милдеттер аткарылбаганда, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө, кызмат адамдарына - беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР КР 2003-жылдын 28-июнундагы № 121, 2012-жылдын 25-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [217-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-217)  
Кийинки берене: [219-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-219)
