# 215-статья. Темир жол, суу жана автомобиль транспортунда, транспорт каражаттарын жана жүктүн сакталышын камсыз кылуу эрежелерин бузуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 марта 2007 года №32 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/202066)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920330..920333>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-215>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-215.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 215-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-215

---

Кыймылдуу курамга, контейнерлерге, сүзүп жүрүүчү жана жүктү ташуу үчүн арналган башка транспорт каражаттарына, ошондой эле ташуучу шаймандарга зыян келтирүү - эсептешүү көрсөткүчүнүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Жүк вагондорунун, автомобилдердин, автомобиль чиркегичтеринин, контейнерлердин, сүзүүчү каражаттардын трюмдарынын жана башка жүк ташуучу жайларынын пломбаларына жана бекитилүүчү түзүлүштөрүнө зыян келтирүү, алардын пломбаларын жулуп салуу, айрым жүктөргө, алар таңгакталган жерлерге, пакеттерге, жүк короолорунун тосмолоруна, темир жол станцияларына, жүк ташуучу автомобиль станцияларына, өткөрүү үчүн пайдаланылган порттордун (пристандардын) контейнердик пункттарына (аянтчаларына) жана жүк ташуучулар менен байланышкан операцияларды аткаруу үчүн пайдалануучу кампаларга зыян келтирүү, ошондой эле жүк короолорунун жана жогоруда көрсөтүлгөн кампалардын аймагында тийиштүү уруксатсыз болуу - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө, кызмат адамдарына он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2007-жылдын 5-мартындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [214-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-214)  
Кийинки берене: [216-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-216)
