# 2139-статья. Жеңил таксилер тарабынан жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташуу эрежелерин бузуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 мая 2015 года № 105 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111148)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920438..920439>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-2139>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-2139.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 2139-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-2139

---

Жүргүнчү жана жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн пайдаланылган жеңил автомобилде жеңил таксини билдирген айырмалоочу белгилемелердин болбошу - айдоочуга эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Автобекеттер жана автостанциялардын аймактарынан тышкаркы жерлерден жүргүнчүлөрдү жеңил таксилер менен шаар аралык жана эл аралык каттамдарда ташуу (диспетчердик кызматтын буйрутмасы боюнча ташуудан тышкаркы) - айдоочуга - эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2015-жылдын 19-майындагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2138-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-2138)  
Кийинки берене: [21310-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-21310)
