# 2137-статья. Эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууда транспорт каражатынын айдоочусу тарабынан эмгек жана эс алуу режимин бузуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 мая 2015 года № 105 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111148)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920438..920439>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-2137>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-2137.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 2137-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-2137

---

Эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууда контролдоочу түзүлүштөрсүз (тахографсыз) же өчүрүлгөн тахографты колдонуу менен, ошого тете эле, толтурулбаган тахограммалар менен, же болбосо айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин чагылдыруучу каттоо баракчаларын жүргүзбөстөн жүк ташуучу транспорт каражатын же автобусту айдоо - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруучу жүк ташуучу автотранспорт каражатынын же автобустун айдоочусу тарабынан эмгек жана эс алуунун белгиленген режимин бузуу, - эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2015-жылдын 19-майындагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2136-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-2136)  
Кийинки берене: [2138-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-2138)
