# 2121-статья. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын темир жол транспортуна жетүүгө жана пайдаланууга укуктарын бузуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-2121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 2121-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-2121

---

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын темир жол транспортуна жетүүгө жана пайдаланууга укуктарын бузуу, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз элүүдөн эки жүз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде жасалса, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн сексенден жүз өлчөмүнө чейин айып түрүндө, кызмат адамдарына - ээлеген кызмат ордунан четтетүү түрүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө айып түрүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2015-жылдын 14-июлундагы № 154 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [212-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-212)  
Кийинки берене: [213-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-213)
