# 21-статья. Кызмат адамдарынын администрациялык жоопкерчилиги

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 апреля 2009 года № 140 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203143)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.04.2009 [Закон КР от 30 апреля 2009 года № 140 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203143); 30.03.2009 [Закон КР от 30 марта 2009 года № 117 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203133)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920355..920356>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 21-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-21

---

Кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарбагандыгына же аткарганы талапка жооп бербегендигине байланыштуу администрациялык укук бузган учурда администрациялык жоопкерчиликке тартылат. Бул аталган жагдай болбогон учурда, администрациялык укук бузууга күнөөлүү болгон кызмат адамы жалпы негизде жоопкерчилик тартат. Эскертүү: Кызмат адамдары деп - өздөрүнө кызматтык жактан көз каранды болбогон адамдарга карата туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча мыйзамда белгиленген тартипте тескөө жүргүзүүгө ыйгарым укуктарын ишке ашыруучу же андай укук берилген адамдар, ага тете эле мамлекеттик органдарда уюштуруу-тескөө же администрациялык-чарбалык милдеттерди мамлекеттик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында контролдук-көзөмөлдөөчү милдеттерди аткаруучу адамдар түшүнүлөт. Уюштуруучу-тескөөчүлүк же администрациялык-чарбалык милдеттерин аткаруу менен байланышкан администрациялык укук бузууларды жасаган юридикалык жактардын (уюмдардын) жетекчилери жана кызматчылары менчигинин формасына карабастан кызмат адамдары катары администрациялык жоопкерчиликти тартышат. (КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 117, 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 140 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-22)
