# 208-статья. Химиялык заттарды (агрохимия жагында) даярдоо, сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу, ошондой эле агрохимиялык жумуштарды лицензиясыз (уруксатсыз) жасоо

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-208>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-208.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 208-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-208

---

Химиялык заттарды (агрохимия жагында) даярдоо жана сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу, ошондой эле агрохимиялык жумуштарды лицензиясыз (уруксатсыз) жасоо - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн беш, кызмат адамдарына - ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалганда - ошол ишти жүргүзүүгө лицензиясынан (уруксатынан) ажыратуу менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына - жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [207-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-207)  
Кийинки берене: [209-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-209)
