# 185-статья. Айдоолорду майкандоо, талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруу же жок кылуу, бак-дарактарга зыян келтирүү

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 декабря 2011 года № 245 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс об административной ответственности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203509)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 21.12.2011 [Закон КР от 21 декабря 2011 года № 245 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс об административной ответственности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203509); 25.07.2006 [Закон КР от 25 июля 2006 года № 127 "О внесении изменения в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/1918)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920373..920376>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-185>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-185.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 185-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-185

---

Менчигинин түрүнө карабастан малдын же канаттуулардын айдоолорду майкандоосу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруусу же жок кылуусу, бак-дарактарга зыян келтирүүсү анча чоң эмес өлчөмдө жасалса, - эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен жыйырмага чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Менчигинин түрүнө карабастан малдын же канаттуулардын айдоолорду майкандоосу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруусу же жок кылуусу, бак-дарактарга зыян келтирүүсү айдоолордун менчик ээсине олуттуу зыян келтирсе, - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан кыркка чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Айдоолордон же бак-дарактардан араба менен өтүү, - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Айдоолордон же бак-дарактардан автомобиль же трактор, комбайн жана башка транспорт каражаттары менен өтүү - эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү. Эгерде айыл чарба өндүрүүчүсүнө келтирилген зыян он эсептешүү көрсөткүчүнөн ашпаса, ушул статьяда каралган аракеттер анча чоң эмес өлчөмдө жасалган деп таанылат. Эгерде келтирилген зыян он эсептешүү көрсөткүчүнөн ашып кетсе, ушул статьяда каралган аракеттер олуттуу өлчөмдө жасалган деп таанылат. (КР 2006-жылдын 25-июлундагы № 127, 2011-жылдын 21-декабрындагы № 245 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Көңүл буруңуздар! КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот

---

Мурунку берене: [184-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-184)  
Кийинки берене: [186-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-186)
