# 1811-статья. Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколунун, коркунучтуу калдыктарды трансчегаралык ташууга жана аларды жок кылууга контроль жөнүндө Базель конвенциясынын, эларалык соодада айрым коркунучтуу заттарга жана пестициддерге карата алдын ала негизделген макулдашуу жол-жоболору тууралу Роттердам конвенциясынын тизмелери боюнча айлана-чөйрөгө жана атмосферанын озон катмарынын абалына зыяндуу таасир этүүчү химиялык заттарды колдонууну кыскартууга багытталган иш-чараларды аткарбоо

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-1811>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 1811-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-1811

---

Озон катмарын бузуучу заттар боюнча 1987-жылдын 10-сентябрындагы Монреаль протоколунун, коркунучтуу калдыктарды трансчегаралык ташууга жана аларды жок кылууга контроль жөнүндө 1989-жылдын 22-мартындагы Базель конвенциясынын, эларалык соодада айрым коркунучтуу химиялык заттарга жана пестициддерге карата алдын ала негизделген макулдашуу жолжоболору тууралу 1998-жылдын 10-сентябрындагы Роттердам конвенциясынын тизмелери боюнча айлана-чөйрөгө жана атмосферанын озон катмарынын абалына зыяндуу таасир этүүчү химиялык заттарды колдонууну кыскартууга багытталган иш-чараларды аткарбоо- жарандарга-ондон он бешке чейин, кызмат адамдарына-отуздан элүүгө чейин, юридикалык жактарга жүздөн эки жүзгө чейинки расчеттук көрсөткүчтөрдө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул эле иштер администрациялык жаза колдонулгандан кийинки бир жылдын ичинде кайрадан жасалса,- жарандарга-он бештен жыйырмага чейин, кызмат адамдарына-элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга-эки жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [181-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-181)  
Кийинки берене: [182-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-182)
