# 146-статья. Жаныбарлар жашаган чөйрөнү коргоо, зоологиялык коллекцияларды жана аны менен соода кылуунун эрежелерин бузуу, ошого тете жаныбарларды өзү билип жер которуштуртуу, жаңы чөйрөгө көнүктүрүү жана аргындаштыруу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-146>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-146.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 146-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-146

---

Жаныбарлар жашаган чөйрөнү жана алардын миграция жолдорун коргоо эрежелерин, зоологиялык коллекцияларды түзүүнүн, толуктоонун, сактоонун, пайдалануунун жана эсепке алуунун эрежелерин жана аны менен соода кылуунун эрежелерин, ошондой эле жаныбарлар дүйнөсүнүн жана зоологиялык коллекциялардын объектилерин чет өлкөгө салып жиберүүнүн жана алып кетүүнүн эрежелерин бузуу, ошого тете жаныбарларды өзү билип жер которуштуртуу, жаңы чөйрөгө көнүктүрүү жана аргындаштыруу - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден беш, кызмат адамдарына - бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [145-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-145)  
Кийинки берене: [147-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-147)
