# 131-статья. Кылмыш кылган адамды кармоо учурунда зыян келтирүү

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-131>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-131.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 131-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-131

---

Адам кылмыш кылып жатканда, же ал түздөнтүз кылмыш кылгандан кийин кармалганда, бийлик органдарына өткөрүп берүү максаттарында кармоо учурунда зыян келтирүү, эгерде мында кармоо чараларынын кармалгандын кылыгынын мүнөзүнө жана коомдук коркунучтуулук деңгээлине жана кармоонун жагдайларына ачык-айкын дал келбөөгө жол берилбесе укук бузуу болуп саналбайт. Кармоонун каражаттарынын жана усулдарынын аны жасаган адамдын жосунунун коркунучтуулугуна, ошондой эле кармоонун зарылдыгына ачык - айкын дал келбөөсү, натыйжада адамга кармоонун зарылдыгы талап кылбагандай атайлап зыян келтирүү коомдук коркунучтуу жосун жасаган адамды кармоо үчүн зарыл чаралардын аша чапкандыгы катары таанылат. Мында байкабастыктан зыян келтирүү администрациялык жоопкерчиликке алып келбейт. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-13)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-14)
