# 127-статья. Дарактарды, токойдо өскөн өсүмдүктөрдү, жаш балатылар жана өзгөчө баалуу дарактар породалары мыйзамсыз кыюу, зыянга учуратуу жана жок кылуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 января 2013 года № 2 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203809)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.01.2013 [Закон КР от 10 января 2013 года № 2 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/203809); 21.08.2006 [Закон КР от 21 августа 2006 года № 174 "О внесении изменения и дополнения в Кодекс об административной ответственности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1963); 11.03.2004 [Закон КР от 11 марта 2004 года № 20 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1405)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920395..920396>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-127>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-127.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 127-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-127

---

Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу жана зыянга учуратуу, токойдогу өскөн өсүмдүктөрдү, токой питомниктериндеги жана плантацияларындагы эгилген же тигилген көчөттөрдү, ошондой эле токойлорду калыбына келтирүү үчүн арналган аянттардагы табигый жаш дарактарды жана эгилген көчөттөрдү жок кылуу же зыянга учуратуу, - жарандарга - ондон он бешке чейин, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан отузга чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер, администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталап жасалганда, - жарандарга - он бештен жыйырмага чейин, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн отуздан элүүгө чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Тиричиликте пайдалануу максатында (от жагуу жана отун) өзгөчө баалуу дарактар породаларын мыйзамсыз кыюу, - жарандарга - эсептик көрсөткүчтөрдүн ондон он бешке чейинки, кызмат адамдарына - отуздан элүүгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат. Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган ошол эле иш-аракеттер администрациялык жаза чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, - жарандарга - эсептик көрсөткүчтөрдүн он бештен жыйырмага чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга болбосо беш суткага камакка алууга, кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтөрдүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат. (КР 2004-жылдын 11-мартындагы № 20, 2006-жылдын 21-августундагы № 174, 2013-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Көңүл буруңуздар! КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот

---

Мурунку берене: [126-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-126)  
Кийинки берене: [128-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-128)
