# 122-статья. Суу ресурстарын коргоо эрежелерин бузуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 марта 2017 года № 49 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111556)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.03.2017 [Закон КР от 23 марта 2017 года № 49 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111556); 25.02.2013 [Закон КР от 25 февраля 2013 года № 35 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203842)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920470..920471>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-122>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-122.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 122-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-122

---

Сууну бөлүштүрүү эрежелерин жана ченемдерин, бөлүнгөн кулактардын санын жана сапатын эсепке алуунун тартибин бузуу, суу ресурстарын акыр-чикирге толтуруу жана азайтуу, агын сууну тазалоо технологиясын, тазалоочу жайларды жана жасалгаларды пайдалануу эрежелерин, суу кадастрын жүргүзүү эрежелерин бузуу, суу топтоодо суу сактоо режимин сактабоо, кыртыштын суу эрозиясын жана башка зыяндуу көрүнүштөрүн алып келүүчү тыюу салынган балык кармоочу куралдарды колдонуу ошондой эле суу объектилеринин табигый абалын бузуп, сууну буруунун белгиленген ченемдерин жана эрежелерин бузуу - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жетимиштен жүз, кызмат адамдарына - жүздөн жүз элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ишканаларды, коммуналдык жана башка объектилерди суунун булганышын жана акыр-чикирге толушун же алардын зыяндуу таасирин болтурбай коюучу курулуштарсыз жана жасалгаларсыз, ошондой эле балык сактоочу курулуштарсыз жана жасалгаларсыз пайдаланууга берүү - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз сексен өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 35, 2017-жылдын 23-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [121-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-121)  
Кийинки берене: [123-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-123)
