# 1171-статья. Мамлекеттик маанидеги тарыхый-маданий мурастардын объекттерин, алардын аймактарын жана зоналарын сактоонун, пайдалануунун жана коргоонун талаптарын бузуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-1171>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 1171-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-1171

---

Мамлекеттик маанидеги тарыхый-маданий мурастардын объекттерин (тарых жана маданият эстеликтерин), алардын аймактарын жана зоналарын сактоонун, пайдалануунун жана коргоонун талаптарын бузуу, ошого тете аларды коргоо зоналарында белгиленген чектөөлөрдү сактабоо, - эскертүүгө же жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейин, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүүгө чейин, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн жүз элүүгө чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маанидеги тарыхый-маданий мурастарынын өзгөчө баалуу объекттерине, алардын аймактарындагы тарыхый-маданий мурастардын объекттерине, тарыхый-маданий коруктарынын (музей-коруктарынын) аймактарына, ошого тете аларды коргоо зоналарына карата жасалган ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган аракеттер (аракетсиздик), - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүүгө чейин, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн эки жүзгө чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Табылган тарыхый-маданий мурас объекттерине же алардын аймактарына карата жасалган ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракеттер (аракетсиздик), - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейин, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүүгө чейин, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн жүз элүүгө чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2013-жылдын 24-июлундагы № 159 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [117-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-117)  
Кийинки берене: [1172-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-1172)
