# 1031-статья. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан жер казынасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2014 года № 140 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205361)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920423..920424>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-1031>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-1031.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 1031-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-1031

---

Кызмат адамдары тарабынан жер казынасын пайдалануу үчүн жер участокторун бербөө же берүү мөөнөттөрүн бузуу, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды берүүнүн, узартуунун мөөнөттөрүн бузуу, геологиялык отчеттордун жана жумуштардын пландарын кароо мөөнөттөрүн бузуу - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн алтымыштан жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Кызмат адамдары тарабынан өндүрүштүк, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо талаптарына ылайыктуулугуна долбоорлорго экспертизаларды жүргүзүү мөөнөттөрүн бузуу - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [103-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-103)  
Кийинки берене: [1032-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-1032)
