# 103-статья. Геологиялык маалыматтарды пайдалануунун тартибин, жер казынасын геологиялык иликтөө боюнча жумуштарды жүргүзүүнүн эрежелерин жана талаптарын бузуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2014 года № 140 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205361)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920423..920424>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-103>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-103.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 103-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-103

---

Жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтарды алуунун, пайдалануунун жана кайтарып берүүнүн белгиленген тартибин бузуу, геологиялык жашыруун маалыматты таркатуу, мыйзамда белгиленген учурларда жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматты жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүдөн баш тартуу же четтөө, ошондой эле жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматка мамлекеттик менчик укугун тикелей жана кыйыр түрдө бузган башка аракеттерди жасоо - зыяндын ордун толтуруу менен, жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн сексен, кызмат адамдарына - жүздөн жүз элүү, юридикалык жактарга - эки жүздөн беш жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Геологиялык маалыматтарды бурмалоо, пайдалуу кендердин чалгындалган корлорун же пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканаларды куруу жана пайдалануу үчүн шарттарды туура эмес баалоого алып келиши мүмкүн болгон же алып келген анык эмес маалыматтарды геологиялык документке киргизүү, андан ары жер казынасын геологиялык иликтөөдө жана кен чыккан жерлерди иштетүүдө зарыл болгон геологиялык документтерди, дубликаттарды, пайдалуу кендердин жана керндин сынамыктарын жоготуу - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн сексен, кызмат адамдарына - жүздөн жүз элүү, юридикалык жактарга - беш жүздөн бир миң өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [102-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-102)  
Кийинки берене: [1031-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-1031)
