# 101-статья. Жер казынасын өздөштүрүүдө эсепке алуунун жана геологиялык-маркшейдердик камсыз кылуунун эрежелерин бузуу же аткарбоо

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2014 года № 140 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205361)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.07.2014 [Закон КР от 18 июля 2014 года № 140 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205361); 16.11.2012 [Закон КР от 16 ноября 2012 года № 183 "О внесении дополнения и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203783)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/6#diff=920423..920424>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 101-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-101

---

Пайдалуу кен чыккан жерлерди, жер астындагы сууларды иштетүүдө гидрогеологиялык, геологиялык жана маркшейдердик камсыз кылуу эрежелерин бузуу же аткарбоо жана жер казынасын башка максаттарда пайдалануу, геодезиялык жана маркшейдердик белгилерди жок кылуу же зыянга учуратуу, - зыяндын ордун толтуруу менен, элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Жер казынасын өздөштүрүүдө корлордун абалын жана кыймылын, эсепке алуунун жана геологиялык-маркшейдердик камсыз кылуунун, коромжулуктарынын жана азайышынын эрежелерин, суу алына турган горизонтторго чыгарылып жаткан агынды сууларды эсепке алуунун жана сапатын аныктоонун эрежелерин бузуу же аткарбоо, жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга пайдалуу кендердин чалгындалган жана тындырылган корлору боюнча отчеттуулуктун түрлөрүн бербөө жана/же анык эмес маалыматтарды берүү - зыяндын ордун толтуруу менен, эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 183, 2014-жылдын 18-июлундагы № 140 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [100-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-100)  
Кийинки берене: [102-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-102)
