# 100-статья. Минералдык чийки затты алуунун жана кайра иштетүүнүн технологиясын бузуу

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс](https://aqlex.ai/kg/doc/6)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-августундагы № 114 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 04.08.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-3/edition/920292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/6/st-100.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, 100-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-100

---

Пайдалуу кендердин корлорун толук иштетпөө, кошумча иштетүү, алынган кенди жеринде калтыруу, жасалгалоочу таштарды алуунун анын табигый касиеттерин жана сапаттарын начарлатуучу усулдарын колдонуу - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Пайдалуу кендерди казып алуучу ишканаларды консервациялоо жана жоюу боюнча долбоорлорду, геологиялык жана кен казуу иштеринен бузулган жердин үстүңкү катмарын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды аткарбоо, - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Корлорду жер казынасында жайгаштыруунун табигый шарттарына жана пайдалуу кендердин сапаттык мүнөздөмөлөрүнө ылайык келбеген кен казуу иштерин жүргүзүү жана минералдык чийки затты кайра иштетүү аркылуу минералдык чийки затты алуунун жана кайра иштетүүнүн технологиясын бузуу, - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Жер казынасын геологиялык изилдөөдө, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө, жер астындагы сууларды алууда, пайдалуу кендерди иштетүү менен байланышы жок жер астындагы курулмаларды курууда жана пайдаланууда жер участокторун рекультивациялоого каражаттарды топтоо боюнча талаптарды аткарбоо, ошого тете жер участокторун рекультивациялоону жүргүзбөө же четтөө - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. (КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [99-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-99)  
Кийинки берене: [101-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/6/st-101)
