# Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 23-апрелинин №163 Тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 23-апрелинин №163 Тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 23.04.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.07.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59993>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7336/edition/528535/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59993.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 23-апрелинин №163 Тескемеси (13.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59993

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 347-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2010-жылдын 23-апрели № 163 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-апрелиндеги УӨ № 7 "Электр жана жылуулук энергияга тарифтер жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин Аткаруу кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын энергетика министри;

- Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин директору.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 697-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул тескеме кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р.Отунбаева
