Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтунун 2010-жылдын 8-апрелиндеги № 1 «Бир жолку берилуучу материалдык жардам жвнундв» токтомуна езгертуулерду киргизуу тууралуу
Бишкек шаары УӨ №6 17 апрель 2010 жыл
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-апрелиндеги № 1 "Бир жолку берилүүчү материалдык жардам жөнундө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөту ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтунүн 2010-жылдын 8-апрелиндеги № 1 "Бир жолку берилүүчү материалдык жардам жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-токтомдун 4-пунктунда "2010-жылдын 15-апрелине чейинки мөөнөттө" деген сөздөр "2010-жылдын 15-апрелинен баштап" деген сөздөр менен алмаштырылсын; -жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде болуп өткөн окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын курман болгон жарандарынын уй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарына материалдык жардам беруу тартибинде: 9-пункттагы "2010-жылдын 31-декабрына чейин" деген сөздөр "2010-жылдын 15-апрелинен баштап" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "10. Жабыр тарткан адам катары мурда бир жолку материалдык жардам алган адам 2010-жылдын 6-7-апрелинде болуп өткөн окуялардын натыйжасында алган жаратынан 2 жылдын ичинде каза болсо, каза болгон адамдын үй-бүлөсүнө курман болгон адам катары компенсация төлөнөт, компенсациядан мурда алынган материалдык жардамдын суммасы алып салынат.". . Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары-Кыргыз Республикасынын финансы министри Т.А. Сариевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу вкметунун Тврагасы
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу окмотунун 2010-жылдын 8-апрелинин №1 "Бир жолку берилуучу матерналдык жардам женунде" ТоктомуПостановление · 08.04.2010 · № 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу окмотунун 2010-жылдын 8-апрелинин №1 "Бир жолку берилуучу матерналдык жардам женунде" ТоктомуПостановление · 08.04.2010 · № 1