# Кыргыз Республикасынын УӨ 2010-жылдын 20-апрелинин №7 "Электр жана жылуулук энергиясына тарифтер женунде" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын УӨ 2010-жылдын 20-апрелинин №7 "Электр жана жылуулук энергиясына тарифтер женунде" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.06.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59987>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13365/edition/553398/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59987.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын УӨ 2010-жылдын 20-апрелинин №7 "Электр жана жылуулук энергиясына тарифтер женунде" Токтому (17.06.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59987

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 336 токтомунун редакциясына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 20-апрели № 7 Электр жана жылуулук энергиясына тарифтер жөнундө

Туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

-акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергияга тарифтер (салыктарды кошпогондо); -"Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомунун керектөөчүлөрү жана "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун түзүмдүк бөлүмчөлөрү үчүн, ошондой эле "Кыргыз турак жай коммун союз" мамлекеттик ишканасынын, "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасынын жана башка ишканалардын от казандарынан жылуулук энергиясын жана ысык сууну алган калк үчүн жылуулук энергия жана ысык сууга тарифтер.

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги 2010-жылдын 25-апрелине чейинки мөөнөттө:

-акыркы керектөочүлөр үчүн ушул токтомго ылайык электр жана жылуулук энергияга тарифтерди бекитсин; -ушул токтомдун 1-пунктунда аталбаган жылуулук энергия жана ысык суу берүучү башка от казан ишканалары боюнча жьшуулук энергияга жана ысык сууга тарифтерди бекитсин; -энергетика компанияларынын алынбай калган кирешелеринин көлөмүн эсептесин.

3.Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган электр, жылуулук энергияга жана ысык сууга болгон тарифтер 2010-жылдын 1-апрелинен тартып колдонулары белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2010-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө:

-Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен бирдикте 2010-жылга республикалык бюджеттин эсебинен ушул токтомго ылайык тарифтердин төмөндөшү менен байланышкан энергетика компанияларынын алынбай калган кирешелерин компенсациялоо механизмин иштеп чыксын; -Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджетин түзөтүү боюнча сунуштарды киргизсин.

5. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-ноябрындагы № 699 "2010-2012-жылдар мезгилине электр жана жылуулук энергияга Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүу тарифтик саясаты жөнүндө" токтому кучун жоготгу деп табылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басарына жуктөлсүн.

7. Бул токтом кол коюлган кундөн тартып кучунө кирет.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу вкметунун Тврагасы

Р. Отунбаева

Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтунун 2010-жылдын 20- апрелиндеги УӨ № -7 токтому менен бекитилген

Акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергияга тарифтер (салыктарды кошпогондо)

№ Керектөөчүлөрдүн тобу өлчөө бирдиги Тарифтер: 1 Калк тыйын/кВтс 70,0 2 Насос станциялары тыйын/кВтс 70,0 3 Токтогул районунун, Кара көл шаарынын жана Жазы-Кечүү айылынын калкы тыйын/кВтс 4,5 4 Токтогул районунун насос станциялары тыйын/кВтс 8,9 5 өнөр жай керектөөчүлөр тыйын/кВтс 132,7 6 Бюджеттик керектөөчүлөр тыйын/кВтс 132,7 7 Айыл чарба керектөөчүлөр тыйын/кВтс 132,7 8 Башка керектөөчүлөр тыйын/кВтс 132,7

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20- апрелиндеги УӨ №-7 токтому менен бекитилген

"Бишкек жылуулук тармагы" ачык акциоиердик коомунун Керектөөчүлөрү жана "Электр станциялары" ачык акциоинердик коомунун түзүмдүк бөлүмчөлөрү учун, ошондой эле "Кыргыз туракжай коммун союз" мамлекеттик ишканасынын, "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасынын жана башка ишканалардын от казандарынан жылуулук энергиясын жана ысык сууну алган калк үчүн жылуулук энергия жана ысык сууга тарифтер (салыктарды кошпогондо)

№ Керектөөчүлөрдүн тобу Өлчөө бирдиги Тарифтер 1 Жылуулук энергиясына тарифтер

1.1 Калк сом/ Гкал 715,0

1.2 Бюджеттик керектөөчүлөр сом/ Гкал 929,2

1.3 өнөр жай керектөөчүлөр сом/ Гкал 929,2

1.4 Башка керектөөчулөр сом/ Гкал 929,2

Ысык сууга тарифтер

2.1 Калк сом/м3 41,1

2.2 Бюджеттик керектөөчүлөр сом/м3 60,0

2.3 өнөр жай керектөөчүлөр сом/м 60,0

2.4 Башка керектөөчүлөр сом/м3 60,0
