# Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы №461 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 509 "Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Окмотунун Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы №461 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 509 "Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Окмотунун Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 461
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59971>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13359/edition/710955/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59971.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы №461 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 509 "Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Окмотунун Токтому (30.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59971

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-мартындагы № 164 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 17-июлу № 461

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы

№ 509 "Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө

салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө"

токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы №

509 "Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө салуучу нор-

мативдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй

өзгөртүү киргизилсин:

- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"6. Кыргыз Республикасында иштин түрлөрүн жүзөгө ашырууга лицензи-

ялардын жана уруксат берүүлөрдүн жањы түрлөрүн киргизүүнү караштырган

аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын

сунуштарды иштеп чыгуусуна жана киргизүүсүнө мораторий киргизилсин.

Иштин түрлөрү боюнча лицензиялардын жана уруксат берүүлөрдүн жањы

түрлөрүн киргизүү жолу менен жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин

коргоону камсыз кылууну талап кылган маселелер боюнча лицензиялоо-урук-

сат берүү чөйрөсүндөгү нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иш-

теп чыгуу Ведомстволор аралык комиссия менен макулдашуу боюнча жүзөгө

ашырылсын.".

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
