Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргызгаз» ачык акционердик коомуна финансылык колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 9 февраля 2010 года №90 "О признании утратившим силу постановления Правительства Кыргызской Республики от 23 декабря 2008 года № 709 "Об оказании финансовой поддержки открытому акционерному обществу "Кыргызгаз"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-02-09.
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы № 90 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2008-жылдын 23-декабры № 709 "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна финансылык колдоо көрсөтүү жөнүндө "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна республиканы табигый газ менен үзгүлтүксүз камсыздоодо мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана 2008-2009-жылдардын жылытуу мезгилинен ийгиликтүү чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Электр станциялары" ачык акционердик коому Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (1-2), Азия өнүктүрүү банкынын жана Түркиянын экспорттук-кредиттик банкынын линиялары боюнча алынган кредиттер боюнча 117,7 млн. сом суммадагы мөөнөтү кечиктирилген карыздарды жоюуну камсыздасын;
- 2008-2009-жылдарда табигый газ алууга "Узтрансгаз" акционердик компаниясына алдын ала төлөө үчүн "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна төмөнкүдөй шарттарда 118,0 млн. сом өлчөмдө бюджеттик кредит берсин:
кредитти жоюу мөөнөтү өздөштүрүү башталган учурдан тартып 2009-жылдын 31 -декабрына чейин; кредитти пайдалангандык үчүн проценттик ставка - жылдык 6 процент; проценттерди эсептөө өздөштүрүү башталган күндөн тартып жүргүзүлөт, проценттерди жоюу - өздөштүрүү башталган күндөн кийинки айдан башталат; төлөө кечиктирилген учурда айыптык санкциялар - жылдык 12 процент; жоюунун мезгилдүүлүгү - ай сайын;
- "Кыргызгаз" ачык акционердик коому менен Бюджеттик кредитти төлөөнүн шарттары боюнча карыздык милдеттенмени милдеттүү түрдө күрөөлүк камсыздоо менен белгиленген тартипте түзсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин."Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна финансылык колдоо көрсөтүү жөнүндө "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна республиканы табигый газ менен үзгүлтүксүз камсыздоодо мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана 2008-2009-жылдардын жылытуу мезгилинен ийгиликтүү чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Электр станциялары" ачык акционердик коому Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (1-2), Азия өнүктүрүү банкынын жана Түркиянын экспорттук-кредиттик банкынын линиялары боюнча алынган кредиттер боюнча 117,7 млн. сом суммадагы мөөнөтү кечиктирилген карыздарды жоюуну камсыздасын;
- 2008-2009-жылдарда табигый газ алууга "Узтрансгаз" акционердик компаниясына алдын ала төлөө үчүн "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна төмөнкүдөй шарттарда 118,0 млн. сом өлчөмдө бюджеттик кредит берсин:
кредитти жоюу мөөнөтү өздөштүрүү башталган учурдан тартып 2009-жылдын 31-декабрына чейин; кредитти пайдалангандык үчүн проценттик ставка - жылдык 6 процент; проценттерди эсептөө өздөштүрүү башталган күндөн тартып жүргүзүлөт, проценттерди жоюу - өздөштүрүү башталган күндөн кийинки айдан башталат; төлөө кечиктирилген учурда айыптык санкциялар - жылдык 12 процент; жоюунун мезгилдүүлүгү - ай сайын;
- "Кыргызгаз" ачык акционердик коому менен Бюджеттик кредитти төлөөнүн шарттары боюнча карыздык милдеттенмени милдеттүү түрдө күрөөлүк камсыздоо менен белгиленген тартипте түзсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- Карыздык милдеттенмеге кол коюлган күндөн тартып эки айлык мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн карыз боюнча милдеттенменин күрөөлүк камсыздалышын тариздөө үчүн нотариуста күбөлөндүрүлгөн бардык зарыл документтерди тапшыруу;
- акционердик коомду башкаруучу тийиштүү органдын мүлктү белгиленген тартипте күрөөгө берүү жөнүндө чечимин берүү;
- жогоруда аталган бюджеттик кредиттин кошулган проценттери менен Карыздык милдеттенмени жоюу графигине катуу ылайык кайра төлөнүшүн камсыздоо
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы №90 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-декабрындагы № 709 "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна финансылык колдоо көрсөтүү…Постановление · 09.02.2010 · № 90
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
Шилтеме берет (2)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 24-июнундагы № 775-V "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 24.06.2011 · № 775-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 24-июнундагы № 776-V "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 24.06.2011 · № 776-V