# Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2009-жылдын 3-сентябрындагы №556 "1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк расмий документтерди мыйзамдаштыруу талаптарын жокко чыгаруучу Гаага конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2009-жылдын 3-сентябрындагы №556 "1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк расмий документтерди мыйзамдаштыруу талаптарын жокко чыгаруучу Гаага конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 556
- Кабыл алынган күнү: 03.09.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.09.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59927>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13342/edition/378759/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59927.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.09.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2009-жылдын 3-сентябрындагы №556 "1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк расмий документтерди мыйзамдаштыруу талаптарын жокко чыгаруучу Гаага конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу тууралуу"токтому (03.09.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59927

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 3-сентябры № 556

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк расмий документтерди

мыйзамдаштыруу талаптарын жокко чыгаруучу Гаага

конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк расмий документтерди

мыйзамдаштыруу талаптарын жокко чыгаруучу Гаага конвенциясына Кыргыз

Республикасынын кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоо-

ру жактырылсын.

2. Бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри

аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган

учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк расмий

документтерди мыйзамдаштыруу талаптарын жокко

чыгаруучу Гаага конвенциясына Кыргыз Республикасынын

кошулушу жөнүндө

1-берене.

1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк расмий документтерди мый-

замдаштыруу талаптарын жокко чыгаруучу Гаага конвенциясына кошулсун.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кошулуу жөнүндө

грамотаны депозитарий болуп эсептелген Нидерланддар Королдугунун Тышкы

иштер министрлигине депонирлесин.

3-берене.

Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
