Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Окмотунун «1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк расмий документтерди мыйзамдаштыруу талаптарын жокко чыгаруучу Гаага конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу тууралуу»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 3-сентябры № 556
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк расмий документтерди
мыйзамдаштыруу талаптарын жокко чыгаруучу Гаага
конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк расмий документтерди
мыйзамдаштыруу талаптарын жокко чыгаруучу Гаага конвенциясына Кыргыз
Республикасынын кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоо-
ру жактырылсын.
2. Бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри
аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган
учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк расмий
документтерди мыйзамдаштыруу талаптарын жокко
чыгаруучу Гаага конвенциясына Кыргыз Республикасынын
кошулушу жөнүндө
1-берене.
1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк расмий документтерди мый-
замдаштыруу талаптарын жокко чыгаруучу Гаага конвенциясына кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кошулуу жөнүндө
грамотаны депозитарий болуп эсептелген Нидерланддар Королдугунун Тышкы
иштер министрлигине депонирлесин.
3-берене.
Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- 1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк расмий документтерди мыйзамдаштыруу талаптарын жокко чыгаруучу Гаага конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндөЗакон · 16.11.2009 · № 296
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон