Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Окмотунун «Чернобыль кыйроосунун кесепетинен жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-09-03.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 3-сентябры № 553
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Чернобыль кыйроосунун кесепетинен жабыркаган
Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык коргоо
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду
жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Чернобыль кыйроосунун кесепетинен жабыркаган Кыргыз Республи-
касынын жарандарын социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри
аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде карал-
ган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайын-
далсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Чернобыль кыйроосунун кесепетинен жабыркаган Кыргыз
Республикасынын жарандарын социалдык коргоо жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Чернобыль кыйроосунун кесепетинен жабыркаган Кыргыз Республикасы-
нын жарандарын социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1993-ж., N
6, 154-берене) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-берене менен толукталсын:
"4-1-берене. Бул Мыйзамды ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарды
каржылоо
Бул Мыйзамды ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарды каржылоо
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте республикалык
жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан жүзөгө ашырылат.".
2. 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) Бул берененин 1-6-пункттарында көрсөтүлгөн адамдардын ичинен
радиациянын таасирине чалдыккан ата-энелериндеги генетикалык өзгөрүүлө-
рүнөн улам тукум куучу илдеттери жана өнүгүүсүндө аномалиялары бар би-
ринчи жана кийинки эки муундун балдары.".
3. 6-беренеде:
- берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-берене. Келип чыккан майыптыгынын себеби чернобыль кыйроосунун
кесепетине байланыштуу экендиги аныкталган, нурлануу оорусуна чалдыккан
жана аны баштан кечирген адамдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектел-
ген адамдарга компенсациялар жана жењилдиктер";
- биринчи бөлүгүндө:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жар-
дам көрсөтүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы-
на ылайык акысыз текшерүүгө жана медициналык жардам көрсөтүүгө (станци-
онарда жана амбулатордук).
төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген норма-
лардын чегинде дары-дармектерди (врачтардын рецепттери боюнча) акысыз
алууга, жыл сайын санаториялык-курорттук акысыз дарылануу менен камсыз-
далууга же жашаган жери боюнча социалдык коргоо органдарында жолдомонун
орточо наркынын 100 проценти өлчөмүндө акчалай компенсация алууга;";
2-пункт "баалуу металлдардан" деген сөздөрдөн кийин "металл кера-
мика" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:
"5-1) алар турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп табылган
шартта ипотекалык турак жай курулушуна биринчи кезекте кирүүгө;";
8-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
9- , 10- жана 11-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) 7 жылда бир жолу медициналык көрсөткүчтөрү боюнча ары-бери жү-
рүүнүн жекече каражаты болгон майыптардын кресло-коляскасы менен акысыз
камсыз кылуу;
10) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жалгыз бой жашаган адам-
дардын үйлөрүндө социалдык жардам көрсөтүү;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген нормалар-
дын чегинде азык-түлүк товарларын сатып алууга ай сайын акчалай компен-
сация төлөө;";
12-пункт "таксиден "деген сөздөн кийин "жана маршруттук таксиден"
деген сөздөр менен толукталсын;
16-пунктта "турак-жай курулуш кооперативдерине, транспорт каражат-
тары үчүн коллективдүү гараждарды жана токтотуучу жайларды куруу жана
пайдалануу жана аларды техникалык жактан тейлөө боюнча кооперативдерге,
багбанчылык шериктештиктерине (кооперативдерге) биринчи кезекте кирүү-
гө, багбанчылык үйлөрүн же аларды куруу үчүн материалдарды, көп талап
кылынуучу өнөр жай товарларын, анын ичинде жењил автомобилдерди жана
мотоциклдерди биринчи кезекте сатып алууга," деген сөздөр алып салын-
сын;
15-, 18- жана 21-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
4. 7-беренеде:
- биринчи бөлүктө:
биринчи абзацта "6-8" деген цифралар "6, 7" деген цифраларга ал-
маштырылсын;
2-пункт "(врачтардын рецепттери боюнча)" деген сөздөрдөн кийин
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген нормалардын чегин-
де" деген сөздөр менен толукталсын;
3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) жашаган жери боюнча социалдык коргоо органдарында врачтардын
корутундусу боюнча санаторий-курорттук дарыланууга акысыз жолдомо менен
жыл сайын жылына бир жолу, ал эми жолдомо берүүгө мүмкүнчүлүк болбогон
учурда - анын орточо наркынын 50 процентинин өлчөмүндө акчалай компен-
сация менен камсыз кылууга;
төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1) алар турак-жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп табылган
шартта ипотекалык турак-жай курулушуна биринчи кезекте кирүүгө;";
5-пункт "таксиден " деген сөзүнөн кийин "жана маршруттук таксиден"
деген сөздөр менен толукталсын;
6-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- үчүнчү бөлүктө:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бул Мыйзамдын 5-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар 6-бе-
рененин 3-, 15-, 19-, 20-, 22-24-пункттарында, бул берененин биринчи
бөлүгүнүн 1- жана 5-пункттарында каралган компенсацияларды жана жењил-
диктер алуу укугуна ээ болушат, ошондой эле:"
3-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген нормалар-
дын өлчөмүндө азык-түлүк товарларын сатып алууга ай сайын акчалай ком-
пенсация төлөөгө.".
5. 8-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-берене. Тыюу салынган зонадан эвакуацияланган жана көчүрүү
зонасынан Кыргыз Республикасына көчүрүлгөн адамдарга
берилүүчү компенсациялар жана жењилдиктер
Бул Мыйзамдын 5-беренесинин 4-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар бул
Мыйзамдын 6-беренесинин 19- жана 24-пункттарында каралган компенсация-
ларды жана жењилдиктерди алууга укуктуу болушат, ошондой эле:
1) алар турак-жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп табылган шартта
ипотекалык социалдык турак-жай курулушуна биринчи кезекте киришет;
2) жеке менчик үй куруу үчүн жер участокторун жана курулуш матери-
алдарын кезексиз алышат;
3) балдары мектепке чейинки балдар мекемелеринде, атайын балдар
мекемелеринде, дарылоо жана санаторий тибиндеги адистештирилген балдар
мекемелеринде, ден соолук чыњдоо лагеринде жана башка ден соолукту чыњ-
доо мекемелеринде алардын ведомстволук караштуулугуна карабастан орун
менен камсыз кылынат.".
6. 9-беренеде:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бул Мыйзамдын 5-беренесинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар, ушул
Мыйзамдын 8-беренесинин 4-пунктунда каралган компенсацияларга жана
жењилдиктерге укуктуу болушат, ошондой эле:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1) алар турак-жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп табылган шарт-
та ипотекалык социалдык турак-жай курулушуна биринчи кезекте кирүү;";
- 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын:
7. 11-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-берене. Чернобылдагы кыйроонун кесепетинен жапа чеккен
адамдарга медициналык жардамды жана радиациялык жактан
коргоону уюштуруу
Бул Мыйзамдын 5-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар өмүр бою милдеттүү
түрдө адистештирилген медициналык байкоодон (диспансеризациядан) өтү-
шөт. Аларды жеке эсепке алуу үчүн Кыргыз мамлекеттик медициналык-дози-
метриялык каттоосу түзүлөт.
Чернобыль кыйроосунун кесепетинен жапа чеккен адамдарга медицина-
лык жардам көрсөтүү жана аларга диспансердик байкоо жүргүзүү алар жаша-
ган же иштеген жердеги саламаттык сактоо мекемелери тарабынан жүзөгө
ашырылат. Бул адамдарды адистештирилген медициналык тейлөө саламаттык
сактоо мекемелери тарабынан камсыз кылынат, алардын тизмесин, ошондой
эле медициналык жардам көрсөтүүнүн жана диспансеризациялоонун тартибин
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
Бул Мыйзамдын 5-беренесинде көрсөтүлгөн Чернобыль АЭСиндеги авари-
яга байланыштуу ооруп калган же майып болгон адамдардын себептерин
аныктоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Республика-
лык ведомстволор аралык эксперттик кењеш жана аскердик-врачтык комиссия
тарабынан жүзөгө ашырылат.
Аталган эксперттик кењештин жана аскердик-врачтык комиссиялардын
чечимдерине канааттанбаган адамдар соттук тартипте ишти кайрадан кароо
жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.".
8. 12-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-берене. Балдарды жана өспүрүмдөрдү социалдык жактан коргоо,
медициналык жактан тейлөө жана ден соолугун чыњдоо
Тыюу салынган зоналардан, көчүрүү зонасынан жана көчүүгө укук бе-
рилген жашоо зонасынан эвакуацияланган жана Кыргыз Республикасына көчү-
рүлгөн 18 жашка толо элек курактагы балдарга жана өспүрүмдөргө, анын
ичинде эвакуация болгон күнү энесинин боюндагы балдарга, ошондой эле
ата-энелеринин радиоактивдүү нурлануусунун генетикалык кесепеттери тий-
иши мүмкүн экендиги менен шартталган тукум кууган оорулар орун алган
учурда ушул Мыйзамдын 5-беренесинде көрсөтүлгөн жарандардын биринчи жа-
на кийинки муундардагы балдарына кошумча жењилдиктер берилет:
1) аталган балдарга жана өспүрүмдөргө:
- медициналык көрсөткүчтөр боюнча тиешелүү профилдеги санатория-
ларда акысыз санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо берилет, ал эми
жолдомо берүү мүмкүн болбогон учурларда жалпы жана санаторий тибиндеги
балдардын ден соолугун чыњдоо мекемелерине жолдомонун орточо наркынын
өлчөмүндөгү акчалай компенсация төлөнүп берилет;
- дары-дармектерди (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белги-
ленген нормалардын чегинде, врачтардын рецепттери боюнча) акысыз алы-
шат;
- ата-энесинин бири же аны алмаштырган адам менен темир жол боюн-
ча, ал эми темир жол катнашы жок райондордо дарылануучу же санато-
рий-курорттук дарылануучу жерге медициналык мекемелердин жолдомосу ме-
нен баруу үчүн белеттерди кезексиз алуу укугу менен аба, суу жана шаар-
лар аралык автомобиль транспортунда (барып-келүү) акысыз жол жүрө алы-
шат;
- жыл сайын балдардын ден соолугун чыњдоочу жалпы жана санаторий
тибиндеги мекемелерде акысыз дарыланышат, ал эми жолдомо берүүгө мүм-
күнчүлүк болбогон учурда анын орточо наркынын өлчөмүндө акчалай компен-
сация алышат;
- кан жүгүртүүчү органдар (курч кармаган лейкоз), ички бездер,
(аденома, рак), зыяндуу шишиктер менен ооруп калган учурда балдар жана
өспүрүмдөр ушул Мыйзамдын 6-беренесинде каралган жењилдиктерге укуктуу
болушат;
- он төрт жашка чейинки балдарга эсептик көрсөткүчтүн үч эсе өлчө-
мүндө азык-түлүк товарларын сатып алууга ай сайын акчалай компенсация
берилет;
- баштапкы, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларына бюджеттик
бөлүмдөргө кирүүгө артыкчылык (башкалары бирдей шартта) берилет;
2) 14 жашка чейинки балдардын ата-энелерине:
- бул жөлөкпулду алуу үчүн зарыл болгон үзгүлтүксүз эмгек стажынын
бар-жогуна карабастан, оорулуу баланы баккандыгы үчүн иш жүзүндө иштеп
тапкан эмгек акысынын (ата-энесинин бирине) 100 пайыз өлчөмүндө эмгекке
жарамсыздык баракчасы төлөнүп берилет;
- ата-энесинин бири баласы дарылоо мекемесинде дарыланган бүткүл
мезгилдин ичинде (врачтардын сунушу боюнча) аны менен чогуу болот жана
эмгекке жарамсыздык баракчасы төлөнүп берилет;
Ата-энеси баласы дарыланып жаткан учурда аны менен чогуу боло ал-
баган учурда ушул берененин 2-пунктунун аракети баланы баккан башка
адамга колдонулат.
Бул беренеде көрсөтүлгөн балдарды жана өспүрүмдөрдү медициналык
жактан тейлөөнүн жана ден соолугун чыњдоонун тартиби Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген органдар тарабынан, коом-
дук уюмдардын катышуусу менен аныкталат.".
9. V бөлүм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"V бөлүм
Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин
жоюуга катышкандар жөнүндө берилген
маалыматтардын тууралыгын контролдоо
20-берене. Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин
жоюуга катышкандар жөнүндө берилген документтердин
тууралыгына контроль жүргүзүүчү орган
Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандар
жөнүндө берилген маалыматтардын тууралыгына контролду Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
жүзөгө ашырат.
21-берене. Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин
жоюуга катышкандар жөнүндө туура эмес маалымат
бергендиги үчүн жарандардын жоопкерчилиги
Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюуга катышканды-
гы жөнүндө туура эмес маалымат берген жарандар Республикалык ведомство-
лор аралык эксперттик кењештин чечими менен жоюучу статусунан ажыраты-
лат. Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кењеш кабыл алынган
чечим жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине, Кыргыз Рес-
публикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана Кыргыз
Республикасынын Социалдык фондуна жазуу жүзүндө билдирүү жиберет.
22-берене. Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин
жоюуга жарандын катышкандыгы жөнүндө негизсиз
документтер бергендиги үчүн жана жаранды Чернобыль
АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюунун катышуучу
статусунан ажыратуу жөнүндө негизсиз чечим чыгаргандыгы
үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюуга жарандын
катышкандыгы жөнүндө негизсиз документ берүүгө жана аны жеке эсепке
алууга күнөөлүү, ошондой эле жаранды Чернобыль АЭСинде болгон авариянын
кесепеттерин жоюунун катышуучу статусунан ажыратуу жөнүндө негизсиз че-
чим чыгарганга күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
23-берене. Мыйзамдын нормаларын аткарбагандыгы үчүн кызмат
адамдарынын жоопкерчилиги
Мыйзамдын нормаларын аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдары Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченем укук
актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Чернобылдагы ькыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1196-XII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр…Закон · 06.11.2009 · № 293
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.