# Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2009-жылдын 7-августундагы №507 "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2009-жылдын 7-августундагы №507 "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 507
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59922>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13337/edition/328967/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59922.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2009-жылдын 7-августундагы №507 "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому (07.08.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59922

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 7-августу № 507

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду

жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам

долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам дол-

боору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралган учурда Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республи-

касынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1999-ж., N 11, 448-б.)

төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 4-берененин үчүнчү бөлүгү "ошондой эле сайсыз" деген сөздөрдөн

кийин ", сайлуу" деген сөз менен толукталсын.

2. 6-беренеде:

- "токтому" деген сөз алып салынсын;

- "жана" деген сөз ", ошондой эле" деген сөздөр менен алмаштырыл-

сын;

- берене төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын:

"Кортик, шашка, сайсыз найы кыска тапанча же ањчылык курал сыйлык

куралы болушу мүмкүн.".

3. 22-беренеде:

- биринчи бөлүктөгү "токтомунун" деген сөз "буйругунун" деген сөз

менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү-бешинчи бөлүктөр менен толукталсын:

"Найы кыска курал менен сыйланган жарандар ар бир беш жылда конт-

ролдук атып көрүү үчүн ички иштер органдарына Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарында белгиленген тартипте куралды берүүгө милдеттүү.

Сыйлык куралын сактоо, алып жүрүү, берүү жана ташуу жарандык ку-

ралга карата белгиленген нормаларды жана эрежелерди сактоо менен

жүргүзүлөт.

Сайсыз найы кыска куралды жана анын патрондорун сатууга, белекке

берүүгө, алмашууга жана мурастоого жол берилбейт. Ээси каза болгон

учурда сайсыз найы кыска сыйлык куралы аны андан ары колдонуу жөнүндө

маселе чечилгенге чейин ички иштер органдары тарабынан алынат. Сыйлык

куралынын башка түрлөрүнө ушул Мыйзамдын жарандык куралдар үчүн карал-

ган нормалары колдонулат.".

2-берене.

Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
