Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Электр энергетикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 25 января 2012 года №52 "Об отзыве некоторых проектов нормативных правовых актов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-01-25.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы №52 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 14-сентябры № 580
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурста-
ры министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү
болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
1-берене.
"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
("Эркин Тоо" гезити, 1997-жылдын 12-февралы, N 8) төмөнкүдөй толуктоо-
лор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Электр энергияны кепилдик берип жеткирүүчү (мындан ары - кепилдик
берип жеткирүүчү) - энергетика боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан
аныкталган жана белгиленген тартипте катталган, жөнгө салуучу тарифтер
жана шарттар боюнча керектөөчүлөр менен электр энергияны жеткирүү үчүн
келишимдерди түзүүгө милдеттүү юридикалык жак;
атаандаш жеткирүүчү - өзүнүн тармактары же башка уюмдардын тармак-
тары боюнча өндүрүлгөн же сатылып алынган электр энергияны башка жак-
тарга жөнгө салынбаган баалар менен, анын ичинде түпкү керектөөчүлөргө
сатууну жүргүзгөн коммерциялык уюмдар;
операциялык суткалар - учурдагы сутка, анын өтүшүндө системалык
оператор электр энергиянын дүњ рыногунун субъекттери менен түзүлгөн ке-
лишимдерин аткарып, борборлоштурулган оперативдик-диспетчердик башкару-
унун операцияларын жүргүзөт;
электр энергиянын дүњ рыногу - электр энергияны дүњ сатуу-сатып
алуу жана системалык кызмат көрсөтүү менен байланышкан, рыноктордун
субъекттеринин ортосундагы мамилелердин системасы, ал субъекттер орто-
сундагы келишимдердин жана тиешелүү эрежелердин негизинде иштейт;
электр энергияны жеткирүүчү - электр тармактары жок жана аларды
тейлебей турган, дүњ (же) чекене рыноктордун юридикалык же жеке жакта-
ры, субъекттери, алар алынган электр энергияны дүњ жана (же) чекене ры-
нокторуна жөнөтүүнү жүргүзүшөт;
электр энергия рыногу (электр энергетикалык рынок) - электр энер-
гияны (кубаттуулукту) сатуу-сатып алуу жана рыноктун субъекттери орто-
сундагы кызмат көрсөтүү менен байланышкан экономикалык мамилелердин
системасы;
электр энергиянын чекене рыногу - дүњ рыногунан тышкары электр
энергияны жеткирүүчүнүн жана керектөөчүнүн ортосундагы келишимдердин
негизинде иштеген электр энергияны сатуу-сатып алуу мамилелеринин жана
аны менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдүн системасы;
системалык оператор - жогорку чыњалуудагы электр тармагы боюнча
электр энергияны берүүнү, ошондой эле башка мамлекеттердин энергия сис-
темалары менен параллель жумуштарды камсыздоону жүргүзгөн уюм;
системалык кызмат көрсөтүү - системалык оператор тарабынан электр
энергиянын дүњ рыногунун субъекттерине борбордук оперативдик-диспетчер-
дик башкаруу, техникалык жана коммерциялык диспетчерлөө, жыштыкты жана
активдүү кубаттуулукту жөнгө салуу, генерациялоочу кубаттуулукту ре-
зервдөө, чыњалуунун дењгээлин жөнгө салуу, электр энергияны өндүрүү-ке-
ректөө тењдемин уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүү;
аймактык тармактар уюму - Улуттук электр тармактарына караштуу
эмес электр тармагы чарбасынын объекттерин колдонуу аркылуу электр
энергияны берүүгө жардам көрсөтүүчү юридикалык же жеке жактар;
энергия сатуучу уюмдар - юридикалык же жеке жактар, башка жактарга
сатып алынган же иштеп чыгарылган электр энергияны (кубаттуулукту) са-
туу же сатып алуу алардын ишинин негизги түрү болуп эсептелет".
2. Төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-берене менен толукталсын:
"4-1-берене. Электр энергиянын рыногун уюштуруунун негизги
принциптери
1. Электр энергиянын рыногунун белгиленген эрежелерин сактаган жа-
на электр энергиянын рыногунун катышуучуларынын талаптарын канааттан-
дырган электр энергияны бардык жеткирүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн
рынокко эркин кирүүсү.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Электр энергиянын рыно-
гунун эрежелерине ылайык электр энергияны сатуу-сатып алуу боюнча
өнөктөштөрдү дүњ рыноктун субъекттеринин тандоо эркиндиги".
3. Төмөнкүдөй мазмундагы 5-1 жана 5-2-беренелер менен толукталсын:
"5-1-берене. Электр энергиянын дүњ рыногу
1. Электр энергиянын дүњ рыногу Кыргыз Республикасынын Граждандык
кодексине, ушул Мыйзамга жана башка ченемдик-укуктук актыларга ылайык
түзүлгөн электр энергияны сатуу-сатып алуу келишимдердин негизинде иш-
тейт.
2. Электр энергиянын дүњ рыногу төмөнкүлөрдөн турат:
- электр энергияны жеткирип, сатуу-сатып алуу келишимдеринин неги-
зинде иштөөчү электр энергия рыногунан;
- системалык кызмат көрсөтүү рыногунан.
3. Электр энергиянын дүњ рыногу бирдиктүү рынок аймагы катарында
иштейт, анын технологиялык негизи болуп электр энергиянын дүњ рыногунун
катышуучулары саналат.
4. Электр энергиянын дүњ рыногунун бардык субъекттери рынокто Кыр-
гыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган алкактарда бирдей укуктар-
га ээ.
5. Системалык оператор төмөнкүдөй функцияларды аткарууга мил-
деттүү:
- электр энергияны өндүрүүнү, берүүнү жана керектөөнү диспетчерлөө
боюнча кызмат көрсөтүүгө;
- электр энергияны сатып алуу-сатуу боюнча түзүлгөн келишимдерди
коммерциялык жактан коштоо;
- дүњ рыноктун субъекттерине системалык кызмат көрсөтүүгө.
6. Электр энергиянын дүњ рыногуна кирүү бир түрдүү иштерди аткар-
ган субъекттер үчүн ар башка болушу мүмкүн эмес. Электр энергиянын дүњ
рыногуна киргизилген бардык субъекттердин реестри энергетика боюнча ый-
гарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
5-2-берене. Электр энергиянын чекене рыногу
1. Электр энергиянын чекене рыногу Кыргыз Республикасынын Граждан-
дык кодексине, ушул Мыйзамга жана башка ченемдик-укуктук актыларга ыла-
йык түзүлгөн электр энергияны сатып сатуу-сатып алуу келишимдердин не-
гизинде иштейт.
2. Чекене рыноктун субъекттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- электр энергиянын дүњ рыногуна катышпаган электр энергияны
өндүрүүчүлөр;
- электр энергиянын дүњ рыногуна катышпаган электр энергияны ке-
ректөөчүлөр.
3. Электр энергиянын чекене рыногунун иштөөсүнүн негизги жоболору
чекене рыноктун субъекттеринин өз ара аракеттенүүсүн белгилейт. Ал
электр энергияны жеткирүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы кели-
шимдерди түзүү жана аткаруу аркылуу жүргүзүлөт".
4. 9-берене төмөнкүдөй мазмунда берилсин:
"9-берене.
Мамлекеттик каражаттардын эсебинен каржылануучу жањы өндүрүштүк
кубаттуулуктарды куруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
жүргүзүлөт".
5. Төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-берене менен толукталсын:
"14-1-берене. Берүүчү жана бөлүштүрүүчү тармактарга кирүүнүн
тартиби
1. Электр энергетикалык рыногунун катышуучуларына берүүчү жана
бөлүштүрүүчү тармактарга ачык жана басмырлоосуз кирүүсүнө мүмкүндүк бе-
рилет.
2. Берүүчү жана бөлүштүрүүчү тармактарга кирүү тартиби энергетика
боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат".
6. Төмөнкүдөй мазмундагы 15-2-берене менен толукталсын:
"15-2-берене. Чекене рыногунун атаандаштык шартында электр
энергияны керектөөчүлөрдү камсыздоо кепилдиги
1. Чекене рыноктун атаандаштык шарттарында электр энергиянын ке-
ректөөчүлөрүн камсыздоонун негизги системасы болуп чекене рыногунда ке-
пилдик берип жеткирүүчү атайын уюмдардын бар болуусу эсептелет.
2. Кепилдик берип жеткирүүчү атаандаш жеткирүүчү менен келишим
түзбөгөн же келишими жокко чыгарылган кайсы болбосун керектөөчү менен
электр энергияны сатуу-сатып алуу келишимин түзүүгө милдеттүү.
3. Электр энергияны керектөөчүлөргө электр энергияны жеткирүүнү
камсыздаган электр энергетиканын субъекттери, анын ичинде энергияны
саткан уюмдар, кепилдик берип жеткирүүчү жана аймактык тармактык уюмдар
(өзүнүн жоопкерчилигинин чегинде) электр энергия менен ишенимдүү кам-
сыздоо жана анын сапаты үчүн техникалык регламентке жана башка мил-
деттүү талаптарга ылайык электр энергиянын керектөөчүлөрүнүн алдында
жооп берет".
7. Төмөнкүдөй мазмундагы 18-1-берене менен толукталсын:
"18-1-берене. Электр энергияны сатуу-сатып алуу келишими жана
жеткирүү келишими боюнча келишимдик мамилелердин
өзгөчөлүктөрү
1. Керектөөчүгө атаандаштык чекене рыногунда электр энергияны ке-
лишим боюнча жеткирүүнү камсыздаган контрагентти тандоого эркиндик бе-
рилет.
2. Электр энергияны жеткирүүчүлөр (кепилдик берип жеткирүүчүлөрдү
кошпогондо) жана керектөөчүлөр ар кандай келишимдердин (аралашкан кели-
шимдер) элементтери бар келишимдерди түзүүгө укуктуу.
3. Берүү лицензиясынын ээси керектөөчүгө атаандаш жеткирүүчү тара-
бынан жеткирилген электр энергияны берүү боюнча кызмат көрсөтүүдөн баш
тарта албайт.
4. Берүүчү ишкана жогорку вольттуу электр тармагынын техникалык
мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде энергетика боюнча ыйгарым укуктуу орган та-
рабынан бекитилген тарифтер боюнча төлөтүп, электр энергиясын берүү бо-
юнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн келишимдерди түзүүгө милдеттүү.
Техникалык чектөөлөр жок болгондо, электр энергиясын берүү боюнча
кызмат көрсөтүү үчүн келишим түзүүдөн баш тартууга жол берилбейт".
8. 19 жана 20-беренелер күчүн жоготту деп табылсын.
9. Мыйзамдын 22-беренесинде "жана шаардык" деген сөздөр алып са-
лынсын, "Бишкек шаарынын" деген сөздөр "Бишкек жана Ош шаарларынын" де-
ген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 30-берене "кырдаалдарда жана табигый кырсык учурунда," деген
сөздөрдөн кийин "электр энергиянын жана кубаттуулуктун жетишсиздик уба-
гында," деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Бул Мыйзам жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Электр энергетикасы жөнүндөЗакон · 28.01.1997 · № 8
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы №52 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын айрым долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.01.2012 · № 52 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон