# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-сентябрындагы №569 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу"Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-сентябрындагы №569 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу"Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 569
- Кабыл алынган күнү: 11.09.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.02.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59919>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13334/edition/376781/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59919.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.02.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-сентябрындагы №569 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу"Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому (25.02.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59919

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-февралындагы №76 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 11-сентябры № 569

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик

жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Товарларды контролдук (латенттик) маркалар

менен маркировкалоо жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө

кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мый-

зам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине

кароого жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-

тик комитетинин төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы

комитетинин төрагасы ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогор-

ку Кењеши тарабынан каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик

жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө ко-

дексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору,

1999-ж., N 2, 77-б.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. Төмөнкү мазмундагы 300-1-берене менен толукталсын:

"300-1-берене. Контролдук (латенттик) маркаларды жасалмалоо, кол-

донулгандарын пайдалануу же контролдук (латенттик) маркалар менен мар-

кировкаланууга тийиш болгон товарларды контролдук (латенттик) маркалар-

ды коюусуз Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү, сактоо жана са-

туу

1. Контролдук (латенттик) маркаларды жасалмалоо, колдонулгандарын

пайдалануу, ага тете эле контролдук (латенттик) маркалар менен марки-

ровкаланууга тийиш болгон товарларды контролдук (латенттик) маркаларды

коюусуз сактоо жана сатуу, -

жарандарга - жыйырма, кызмат адамына - жүз, юридикалык жактарга -

беш жүз эсептик көрсөткүчтөгү администрациялык айып салууга алып келет.

2. Контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкаланууга тийиш

болгон товарларды контролдук (латенттик) маркаларды коюусуз Кыргыз Рес-

публикасынын аймагына ташып кирүү, -

жарандарга - жыйырма, кызмат адамына - жүз, юридикалык жактарга -

беш жүз эсептик көрсөткүчтөгү администрациялык айып салууга алып ке-

лет.".

2. 535-берене "Кодекстин" деген сөздөн кийин "300-1-беренесинин

1-бөлүгүндө," деген сөздөр менен толукталсын.

3. 545-берене "колдонулбаса," деген сөздөн кийин "300-1-берененин

2-бөлүгүндө," деген сөздөр менен толукталсын.

2-берене.

Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө күчүнө ки-

рет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
