Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу тарифтерин жана камсыздандыруу суммаларынын өлчөмүн (жоопкерчилик лимиттерин) бекитүү жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 26 февраля 2010 года № 113 "Об утверждении страховых тарифов и размеров страховых сумм (лимиты ответственности) обязательного страхования гражданской ответственности"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-06-05.
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы N 113 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 5-июну № 354
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруунун
камсыздандыруу тарифтерин жана камсыздандыруу суммаларынын
өлчөмүн (жоопкерчилик лимиттерин) бекитүү жөнүндө
"Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу жөнүндө", "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык
жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Кооптуу өндүрүш объ-
екттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү кам-
сыздандыруу жөнүндө", "Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кыз-
маткердин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүү-
чүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-
том кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруунун камсыздандыруу суммаларынын минималдуу өлчөмү жана
камсыздандыруу акысынын тарифтери;
- Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин мил-
деттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу акысынын тарифтери жана жооп-
керчилик лимиттери;
- Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык
жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу суммасынын
өлчөмү (жоопкерчилик лимиттери) жана камсыздандыруу тарифтери;
- Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө
жана ден соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жооп-
керчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча персоналдын кесиптик тобо-
келдик жана категориялык классына жараша экономикалык ишкерликтин түр-
лөрү боюнча жиктелген камсыздандыруу тарифтеринин чектери.
2. Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө
салуу кызматы жүргүнчүлөрдүн алдында ташуучунун, кооптуу өндүрүш объек-
ттерин пайдалануучу уюмдардын кооптуу жүктөрүн ташуучунун, эмгектик
(кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден соолу-
гуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин мил-
деттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган су-
нуштарды белгиленген тартипте киргизсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин
күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2009-жылдын 5-июнундагы
№ 354 токтому менен
бекитилген
Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин
милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу суммаларынын
минималдуу өлчөмү жана камсыздандыруу акысынын
ТАРИФТЕРИ
Бир транспорт каражаты менен бир жолу ташууга болгон камсызданды-
руу акысы базалык камсыздандыруу тарифинин камсыздандыруу суммасынын
минималдуу өлчөмүнүн көбөйтүндүсүнө барабар.
Камсыздандыруу тарифи 0,149 процентке барабар.
Камсыздандыруу келишими ар бир кооптуу жүктү ташууга ар бир жүк
ташуучу транспорт каражатына өзүнчө түзүлөт.
Камсыздандыруу суммасы камсыздандыруу келишими боюнча кооптуу жүк-
түн классына жараша төмөнкү таблицага ылайык болот:
| Тобокелдик класстары | Камсыздандыруу суммасынын |
| минималдуу өлчөмү, сом менен | |
| 1-класс - жарылуучу заттар | 30000000 |
| 2-класс - кысылган, суюлтулган жана | 18000000 |
| басым астындагы эритилген газдар | |
| 3-класс - оњой от алуучу суюктуктар | 30000000 |
| 4-класс - оњой от алуучу заттар жана | 30000000 |
| материалдар | |
| 5-класс - кычкылдануучу заттар жана | 24000000 |
| органикалык кычкылдаткычтар | |
| 6-класс - уулуу (токсикалык) заттар | 30000000 |
| 7-класс - радиоактивдүү жана инфекциялык | 36000000 |
| заттар | |
| 8-класс - жегич жана коррозиялык заттар | 24000000 |
| 9-класс - башка кооптуу заттар | 24000000 |
Үчүнчү жактын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги
боюнча жоопкерчилик лимити бир адамга 1393000 сомду түзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2009-жылдын 5-июнундагы
N 354 токтому менен
бекитилген
Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык
жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун
камсыздандыруу акысынын тарифтери жана
ЖООПКЕРЧИЛИК ЛИМИТТЕРИ
Автомобилдик транспорт үчүн
Жылдык камсыздандыруу акысы базалык тарифке, транспорт каражатта-
рына жараша коэффициентке, ташуунун түрүнө жараша коэффициентке, транс-
порт каражатындагы орундардын санына жана бир жүргүнчү үчүн жоопкерчи-
ликтин лимитине көбөйтүндүсүнө барабар.
Базалык камсыздандыруу тарифи 0,045 процентке барабар.
Эсептелген базалык камсыздандыруу тарифи жылдык болуп саналат.
Коэффициенттер:
| 1. Транспорт каражаттарынын түрү боюнча | Коэффициенттер |
| 1.1. Жењил автомобилдер, автобустар, чакан автобустар | 1,2 |
| 1.2. Троллейбустар | 0,5 |
| 2. Ташуунун түрү боюнча | |
| 2.1. Шаар ичиндеги | 0,8 |
| 2.2. Шаарлар аралык жана эл аралык | 1,2 |
Жүргүнчүлөрдүн өмүрү менен ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги
боюнча жоопкерчилик лимити бир жүргүнчү үчүн 1393000 сомго барабар.
Бир жүргүнчүнүн мүлкүнө зыян келтирүү тобокелдиги боюнча лимит
10000 сомго барабар.
Келишим боюнча жоопкерчиликтин жалпы лимити жоопкерчилик лимитинин
бир жүргүнчүгө (1403000 сом) автомобилдик транспорт каражатындагы жүр-
гүнчү орундарынын санына көбөйтүндүсүнө барабар.
Авиациялык транспорт үчүн
Бир рейс үчүн камсыздандыруу акысы базалык камсыздандыруу тарифин
жүргүнчү орундарынын санына жана бир жүргүнчүгө жоопкерчилик лимитине
көбөйтүндүсүнө барабар.
Базалык камсыздандыруу тарифи 0,007 процентке барабар.
Камсыздандыруу келишими ар бир рейске өзүнчө түзүлөт.
Жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелди-
ги боюнча жоопкерчилик лимити бир жүргүнчү үчүн 1393000 сомго барабар.
Бир жүргүнчүнүн мүлкүнө зыян келтирүү тобокелдиги боюнча лимит
10000 сомго барабар.
Келишим боюнча жоопкерчиликтин жалпы лимити жоопкерчилик лимитин
бир жүргүнчүгө (1403000) аба транспорт каражатындагы жүргүнчү орундары-
нын санына көбөйтүндүсүнө барабар.
Темир жол транспорту үчүн
Бир жүргүнчүгө камсыздандыруу акысы базалык тарифтеги бир ташуунун
түрүнүн коэффициенти менен бир жүргүнчү боюнча жоопкерчилик чегинин кө-
бөйтүндүсүнө барабар.
Базалык тариф 0,0032 процентке барабар.
Коэффициенттер:
| Ташуунун түрү | Коэффициент |
| Ички | 0,8 |
| Эл аралык | 1,2 |
Жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелди-
ги боюнча жоопкерчилик лимити бир жүргүнчү үчүн 1393000 сомду түзөт.
Бир жүргүнчүнүн мүлкүнө зыян келтирүү тобокелдиги боюнча лимит
10000 сомду түзөт.
Бир жүргүнчүгө жоопкерчиликтин жалпы лимити 1403000 сомду түзөт.
Камсыздандыруу келишими бир рейске (баштапкы станциядан акыркы ба-
ра турган станцияга чейин) ар бир курамга түзүлөт. Камсыздандыруу кели-
шими боюнча камсыздандыруу суммасы бир жүргүнчүгө болгон жоопкерчилик
лимитине (бул 1403000 сом) көбөйтүлгөн курамдагы орундардын санына жа-
раша аныкталат.
Суу транспорту үчүн
Камсыздандыруу акысы билеттин наркынын 1 процентине барабар.
Камсыздандыруу келишими ар бир жүргүнчүгө түзүлөт.
Жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелди-
ги боюнча жоопкерчилик лимити бир жүргүнчү үчүн 1393000 сомго барабар.
Бир жүргүнчүнүн мүлкүнө зыян келтирүү тобокелдиги боюнча лимит
10000 сомго барабар.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2009-жылдын 5-июнундагы
N 354 токтому менен
бекитилген
Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык
жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу
суммасынын өлчөмү (жоопкерчилик лимиттери) жана
КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТАРИФТЕРИ
Кооптуу өндүрүштүк бир объект үчүн жылдык камсыздандыруу акысы ба-
залык камсыздандыруу тарифин объекттин аймактык жайгашуусуна жараша ко-
эффициентке жана кооптуу өндүрүштүк бир объект боюнча жоопкерчилик ли-
митине көбөйтүндүсүнө барабар.
Базалык камсыздандыруу тарифи 0,144 процентке барабар.
Кооптуу өндүрүш объектиси калктуу конуштарга, мамлекет тарабынан
корголуучу жаратылыш зоналарына, дарыялар менен көлдөргө, айыл чарба
айдоолоруна жакын жайгашкан учурда базалык тарифке карата 1,5 жогорула-
тылуучу коэффициент колдонулат, буга туруктуу орнотулган жана жылдырма
жүк көтөрүүчү механизмдер, эскалаторлор, аркан жолдор, фуникулерлор
пайдаланылган объекттер кирбейт.
Камсыздандыруу келишими ар бир кооптуу өндүрүш объектиси боюнча
өзүнчө түзүлөт.
Камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммасынын өлчөмү
(жоопкерчилик лимити) кооптуу өндүрүш объектисинин түрүнө жараша болот
жана төмөнкү таблицага ылайык белгиленген минималдуу камсыздандыруу
суммасынан аз болбоого тийиш:
| Кооптуу өндүрүш объекттеринин түрү, | Жоопкерчиликтин |
| аларда төмөнкүлөр ишке ашырылат: | жалпы лимити, |
| сом менен | |
| 1) кен иштери, пайдалуу кендерди байытуу боюнча | 30000000 |
| жумуштар, ошондой эле жер алдындагы шарттарда | |
| жумуштар жүргүзүлөт | |
| 2) кара, түстүү металлдардын, кен тектеринин | 30000000 |
| эритиндилери жана бул эритиндилердин негизинде | |
| уютмалар алынат | |
| 3) 0,07ден ашуун МПа басым алдында же суунун | 24000000 |
| ысышы Цельсий боюнча 115 градус жана андан ашуун | |
| температурада иштеген жабдуулар пайдаланылат | |
| 4) туруктуу орнотулган жана жылдырма жүк | 3000000 |
| көтөрүүчү механизмдер, эскалаторлор, аркан жолдор, | |
| фуникулерлер пайдаланылат | |
| 5) от алуучу, күйүүчү, кычкылдануучу, жарылуучу, | 36000000 |
| уулуу жана радиоактивдүү заттар алынат, түзүлөт, | |
| кайра иштетилет, пайдаланылат, сакталат, ташылат, | |
| жок кылынат, сатылат; ушул көрсөтүлгөн зыяндуу, | |
| кооптуу заттарды кооптуу өндүрүштүк объекттерге | |
| киргизүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | |
| тарабынан аныкталат | |
| 6) адамдын өмүрүнө жана курчап турган чөйрөгө | 30000000 |
| коркунуч келтирген заттары бар кен-металлургиялык | |
| өндүрүштүн калдыктарын көмүү жүргүзүлөт |
Үчүнчү жактын өмүрү менен ден соолугуна, анын ичинде адамдарга ма-
йыптуулугун аныктабастан жаракат, жабыркоо жана башка мертинүү боюнча
зыяндын ордун толтурууга карата кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануу-
чу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими
боюнча камсыздандыруу суммасынын минималдык өлчөмү (жоопкерчилик лими-
ти):
- каза болгон же майыптуулугу аныкталган учурда жоопкерчилик лими-
ти бир адамга 1393000 сомду түзөт;
- майыптуулукту аныктабастан жаракат, жабыркоо жана башка мертинүү
алган учурда жоопкерчилик лимити 100000 сомду түзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2009-жылдын 5-июнундагы
N 354 токтому менен
бекитилген
Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин
өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш
берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу
боюнча персоналдын кесиптик тобокелдик жана категориялык
классына жараша экономикалык ишкерликтин түрлөрү боюнча жиктелген
КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТАРИФТЕРИНИН ЧЕКТЕРИ
Өндүрүштүк персонал үчүн камсыздандыруу тарифтеринин минималдуу
чектери:
| Кесиптик тобокелдиктин класстары | Минималдуу |
| камсыздандыруу | |
| тарифтери, | |
| % менен | |
| Кен казуу өнөр жайы | 6,54 |
| Мейманканалар менен ресторандар | 1,61 |
| Мамлекеттик башкаруу | 0,43 |
| Саламаттык сактоо жана социалдык кызмат көрсөтүү | 0,91 |
| Иштеп чыгаруучу өнөр жайы | 2,59 |
| Билим берүү | 0,29 |
| Кыймылсыз мүлк боюнча операциялар, ижара жана | 1,01 |
| керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү | |
| Коммуналдык, социалдык жана жеке кызмат көрсөтүү | 1,06 |
| Электр энергиясын, газды, сууну өндүрүү | 2,05 |
| Балык кармоо, балык өстүрүү | 2,92 |
| Айыл чарбасы, мергенчилик жана токой чарбасы | 2,92 |
| Курулуш | 2,02 |
| Соода; автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана | 1,57 |
| жеке пайдалануудагы буюмдарды оњдоо | |
| Транспорт жана байланыш | 1,17 |
| Финансылык ишмердик | 0,79 |
Кесиптик тобокелдиктин бардык класстары үчүн:
| Минималдуу | |
| камсыздандыруу | |
| тарифтери, % менен | |
| Административдик башкаруу персоналы | 0,43 |
| Көмөкчү персонал | 1,61 |
Акыны эсептөө үчүн база катары персоналдын ар бир категориясы бо-
юнча эмгек акынын жылдык фонду пайдаланылат.
Камсыздандыруучунун жоопкерчилигинин лимити Кыргыз Республикасынын
Граждандык кодексинин "Зыян келтирүүнүн натыйжасындагы милдеттенме" де-
ген 51-главасына ылайык аныкталат.
Камсыздандыруу тарифтеринин максималдуу чектери атаандаштык чөйрө-
сүнүн болушуна байланыштуу белгиленбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 113 "Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу тарифтерин жана камсыздандыруу суммаларынын өлчөмүн…Постановление · 26.02.2010 · № 113
- КР θкмɵтγнγн 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 693 "Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9 айындагы социалдык-экономикалык ɵнγгγшγнγн жыйынтыктары жɵнγндɵ" токтомуПостановление · 05.11.2009 · № 693 · Күчүн жоготкон