# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы №355 "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашуудан келип чыккан макулдашуулардын жана келишимдердин долбоорлорун жактыруу тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы №355 "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашуудан келип чыккан макулдашуулардын жана келишимдердин долбоорлорун жактыруу тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 355
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59901>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13325/edition/328955/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59901.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы №355 "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашуудан келип чыккан макулдашуулардын жана келишимдердин долбоорлорун жактыруу тууралуу"токтому (15.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59901

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 5-июну № 355

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кумтөр" долбоору боюнча жањы шарттар жөнүндө

макулдашуудан келип чыккан макулдашуулардын жана

келишимдердин долбоорлорун жактыруу тууралуу

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 117 токтомунун редакциясына ылайык)

"Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, "Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому, "Центерра

Голд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык ак-

ционердик коому, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому жана

"Камеко" канадалык корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоору боюнча

жањы шарттар жөнүндө макулдашууну андан ары ишке ашыруу максатында Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:

- Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн,

"Центерра Голд Инк.", "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун

жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы

Кайрадан каралган инвестициялык макулдашуунун долбоору;

- Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-

нен "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Кайра-

дан каралган концессиялык келишимдин долбоору;

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 117

токтомуна ылайык күчүн жоготту);

- Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн,

"Центерра Голд Инк." компаниясынын, "Кумтөр Голд Компани" жабык акцио-

нердик коомунун, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коому-

нун, "Камеко" корпорациясынын, "Камеко Голд Инк." компаниясынын, "Кум-

төр Маунтин" корпорациясынын жана "Кыргызалтын" ачык акционердик коому-

нун ортосундагы Талаптардан баш тартуу жөнүндө макулдашуунун долбоору;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Центерра Голд Инк." компания-

сынын, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Бир

пикирге келүү макулдашуусунун долбоору;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Кумтөр Голд Компани" жабык

акционердик коомунун, "Центерра Голд Инк." компаниясынын, "Кыргызалтын"

ачык акционердик коомунун ортосундагы Карызды кечүү жана күрөөнү токто-

туу жөнүндө макулдашууну н долбоору;

- "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун, "Камеко" корпорациясы-

нын жана "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы "Центерра Голд

Инк." компаниясынын акционерлеринин кайрадан каралган макулдашуусунун

долбоору;

- Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-

нен "Камеко" корпорациясынын ортосундагы Кошумча макулдашуунун долбоору

(колдоо жөнүндө каттардын формасы);

- Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн,

"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун, "Камеко" корпорациясынын,

"Центерра Голд Инк." компаниясынын, "Кумтөр Голд Компани" жабык акцио-

нердик коомунун жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коо-

мунун ортосундагы Жеке арбитрды дайындоо жөнүндө макулдашуунун долбоо-

ру;

- "Кыргызалтын" ачык акционердик коому менен "Кумтөр Голд Компани"

жабык акционердик коомунун атынан "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык ак-

ционердик коомунун ортосундагы Күрөөнүн кайрадан каралган келишиминин

долбоору.

2. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун президентине "Кыргызал-

тын" ачык акционердик коомунун, "Камеко" корпорациясынын жана "Центерра

Голд Инк." компаниясынын ортосундагы "Центерра Голд Инк." компаниясынын

акционерлеринин кайрадан каралган макулдашуусуна, "Кыргызалтын" ачык

акционердик коому менен "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому-

нун атынан "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун орто-

сундагы Күрөөнүн кайрадан каралган келишимине, ошондой эле тараптардын

бири болуп "Кыргызалтын" ачык акционердик коому эсептелген, жактырылган

бардык макулдашуулардын долбоорлоруна жана алар менен байланышкан бар-

дык документтерге кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүк-

төлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
