Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кумтөр» долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашуудан келип чыккан макулдашуулардын жана келишимдердин долбоорлорун жактыруу тууралуу»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 5-июну № 355
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кумтөр" долбоору боюнча жањы шарттар жөнүндө
макулдашуудан келип чыккан макулдашуулардын жана
келишимдердин долбоорлорун жактыруу тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 117 токтомунун редакциясына ылайык)
"Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, "Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому, "Центерра
Голд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык ак-
ционердик коому, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому жана
"Камеко" канадалык корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоору боюнча
жањы шарттар жөнүндө макулдашууну андан ары ишке ашыруу максатында Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн,
"Центерра Голд Инк.", "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун
жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы
Кайрадан каралган инвестициялык макулдашуунун долбоору;
- Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-
нен "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Кайра-
дан каралган концессиялык келишимдин долбоору;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 117
токтомуна ылайык күчүн жоготту);
- Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн,
"Центерра Голд Инк." компаниясынын, "Кумтөр Голд Компани" жабык акцио-
нердик коомунун, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коому-
нун, "Камеко" корпорациясынын, "Камеко Голд Инк." компаниясынын, "Кум-
төр Маунтин" корпорациясынын жана "Кыргызалтын" ачык акционердик коому-
нун ортосундагы Талаптардан баш тартуу жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Центерра Голд Инк." компания-
сынын, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Бир
пикирге келүү макулдашуусунун долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Кумтөр Голд Компани" жабык
акционердик коомунун, "Центерра Голд Инк." компаниясынын, "Кыргызалтын"
ачык акционердик коомунун ортосундагы Карызды кечүү жана күрөөнү токто-
туу жөнүндө макулдашууну н долбоору;
- "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун, "Камеко" корпорациясы-
нын жана "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы "Центерра Голд
Инк." компаниясынын акционерлеринин кайрадан каралган макулдашуусунун
долбоору;
- Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-
нен "Камеко" корпорациясынын ортосундагы Кошумча макулдашуунун долбоору
(колдоо жөнүндө каттардын формасы);
- Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн,
"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун, "Камеко" корпорациясынын,
"Центерра Голд Инк." компаниясынын, "Кумтөр Голд Компани" жабык акцио-
нердик коомунун жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коо-
мунун ортосундагы Жеке арбитрды дайындоо жөнүндө макулдашуунун долбоо-
ру;
- "Кыргызалтын" ачык акционердик коому менен "Кумтөр Голд Компани"
жабык акционердик коомунун атынан "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык ак-
ционердик коомунун ортосундагы Күрөөнүн кайрадан каралган келишиминин
долбоору.
2. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун президентине "Кыргызал-
тын" ачык акционердик коомунун, "Камеко" корпорациясынын жана "Центерра
Голд Инк." компаниясынын ортосундагы "Центерра Голд Инк." компаниясынын
акционерлеринин кайрадан каралган макулдашуусуна, "Кыргызалтын" ачык
акционердик коому менен "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому-
нун атынан "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун орто-
сундагы Күрөөнүн кайрадан каралган келишимине, ошондой эле тараптардын
бири болуп "Кыргызалтын" ачык акционердик коому эсептелген, жактырылган
бардык макулдашуулардын долбоорлоруна жана алар менен байланышкан бар-
дык документтерге кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүк-
төлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-ноябрындагы № 539-б (Дүң кирешеге салык боюнча алдын ала төлөө тууралуу ырастаманын долбоорун жактыруу тууралуу) буйругуРаспоряжение · 15.11.2012 · № 539-р
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-июнундагы № 232-б (Дүң кирешеге салык боюнча алдын ала төлөө тууралуу ырастаманын тиркелген долбоорун жактыруу тууралуу) буйругуРаспоряжение · 07.06.2013 · № 232-р
- КР Министрлер Кабинетинин 15.03.2024-ж. № 117 токтомуПостановление · 15.03.2024 · № 117