# Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 5-июнундагы №364 "Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк жана асыл-тукум чарбаларынын мамлекеттик заемдук каражаттар боюнча карыздарды кайтаруу шарттарын өзгөртүү тууралуу"мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 5-июнундагы №364 "Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк жана асыл-тукум чарбаларынын мамлекеттик заемдук каражаттар боюнча карыздарды кайтаруу шарттарын өзгөртүү тууралуу"мыйзамы
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 364
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59898>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13322/edition/328952/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59898.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 5-июнундагы №364 "Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк жана асыл-тукум чарбаларынын мамлекеттик заемдук каражаттар боюнча карыздарды кайтаруу шарттарын өзгөртүү тууралуу"мыйзамы (05.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59898

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 5-июну № 364

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк жана асыл-тукум

чарбаларынын мамлекеттик заемдук каражаттар боюнча

карыздарды кайтаруу шарттарын өзгөртүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 258

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссу-

далар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата заемдук каражаттарды кайта-

руунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо тартиби жөнүндө жобо-

ну бекитүү тууралуу", 2009-жылдын 11-февралындагы № 114 "2009-жылы жаз-

гы-талаа иштерин ийгиликтүү өткөрүүнү камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 27-ноябрындагы Жарлы-

гын ишке ашыруу тууралуу" токтомдоруна ылайык, финансылык кыйынчылык-

тарга байланыштуу үрөнчүлүк жана асыл-тукум чарбаларына мамлекеттик

колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2009-жылдын 1-мартындагы абал боюнча республиканын үрөнчүлүк

жана асыл-тукум чарбаларынын мамлекеттик заемдук каражаттар боюнча ка-

рыздарды кайтаруу шарттары тиркемеге ылайык өзгөртүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Эконо-

миканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду белгиленген тартипте төмөнкүдөй

шарттарда үрөнчүлүк жана асыл-тукум чарбаларынын мамлекеттик заемдук

каражаттар боюнча карыздарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча тие-

шелүү кредиттик-күрөөлүк документтерди тариздесин:

- карыздарды жыл сайын бирдей үлүштө төлөөнүн бекитилген графиги

менен 2009-жылдан тартып 2014-жылга чейин 5 жыл ичинде жыл сайын төлөө;

- күрөө камсыздоосун берүү.

3. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- пайдалангандык үчүн кредиттин негизги суммасы жана эсептелген

сумма 2009-жылдын 31-декабрына чейин үрөнчүлүк жана асыл-тукум чарбала-

ры тарабынан толук жоюлса, айыптын эсептелген суммасы 100 пайызда эсеп-

тен чыгарылат;

- пайдалангандык үчүн кредиттин негизги суммасы жана эсептелген

сумма 2010-жылдын 31-декабрына чейин жоюлса, айыптын эсептелген суммасы

төмөнкүдөй шарттарда эсептен чыгарылат:

100 пайыз өлчөмүндө жоюлса, айыптын эсептелген суммасы 90 пайызга

эсептен чыгарылат;

90 пайыз өлчөмүндө жоюлса, айыптын эсептелген суммасы 80 пайызга

эсептен чыгарылат;

80 пайыз өлчөмүндө жоюлса, айыптын эсептелген суммасы 70 пайызга

эсептен чыгарылат;

- пайдалангандык үчүн кредиттин негизги суммасы жана эсептелген

сумма 2011-жылдын 31-декабрына чейин жоюлса, айыптын эсептелген суммасы

төмөнкүдөй шарттарда эсептен чыгарылат:

100 пайыз өлчөмүндө жоюлса, айыптын эсептелген суммасы 70 пайызга

эсептен чыгарылат;

90 пайыз өлчөмүндө жоюлса, айыптын эсептелген суммасы 60 пайызга

эсептен чыгарылат;

80 пайыз өлчөмүндө жоюлса, айыптын эсептелген суммасы 50 пайызга

эсептен чыгарылат;

- пайдалангандык үчүн кредиттин негизги суммасы жана эсептелген

сумма 2012-жылдын 31-декабрына чейин жоюлса, айыптын эсептелген суммасы

төмөнкүдөй шарттарда эсептен чыгарылат:

100 пайыз өлчөмүндө жоюлса, айыптын эсептелген суммасы 50 пайызга

эсептен чыгарылат;

90 пайыз өлчөмүндө жоюлса, айыптын эсептелген суммасы 40 пайызга

эсептен чыгарылат;

80 пайыз өлчөмүндө жоюлса, айыптын эсептелген суммасы 30 пайызга

эсептен чыгарылат;

- пайдалангандык үчүн кредиттин негизги суммасы жана эсептелген

сумма 2013-жылдын 31-декабрына чейин жоюлса, айыптын эсептелген суммасы

төмөнкүдөй шарттарда эсептен чыгарылат:

100 пайыз өлчөмүндө жоюлса, айыптын эсептелген суммасы 30 пайызга

эсептен чыгарылат;

90 пайыз өлчөмүндө жоюлса, айыптын эсептелген суммасы 20 пайызга

эсептен чыгарылат;

80 пайыз өлчөмүндө жоюлса, айыптын эсептелген суммасы 10 пайызга

эсептен чыгарылат;

- белгиленген өлчөмдөрүнөн азыраак жана белгиленген мөөнөттөрү

өтүп кеткенден кийин пайдалангандык үчүн кредиттин негизги суммасын жа-

на эсептелген сумманы жоюуда айыптын бардык суммасы төлөнөт.

4. Бул токтомдун 2-пунктунун 2-абзацында жана 3-пунктунда белги-

ленген мөөнөттө карыздарды жоюшпаган үрөнчүлүк жана асыл-тукум чарбала-

ры үчүн кредиттерди пайдалануу жана карыздын негизги суммасынын айыпта-

рына пайыздарды эсептөө боюнча мурда түзүлгөн кредиттик келишимдерде

каралган шарттар колдонулаары белгиленсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
